// //

Россиядагы кыргыз жарандары кайдан паспорт алса болот? Адис жооп берет

2021.03.30, 10:21
4159

Россияда жүргөн Кыргызстандын жарандары 2017-жылдын ID-картасы, жалпы жарандык паспорт, ЗАГС, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, кара кагаз жана башка документтерди алуу үчүн ошол жактагы Кыргызстандын элчилигине кайрылса болот. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын адиси Дамира Азимбаева кененирээк айтып берди.

Туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу үчүн

Россиядагы КРнын жарандары болгон ата-эне баласына туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу үчүн элчилик же консулдук бөлүмгө кайрылат. Негизги документтер топтому (кошумча документтер талап кылынышы мүмкүн):

  • Ата же эне арыз (арыз ордунан толтурулат) менен кайрылат, эгерде нике тууралуу күбөлүк болсо;
  • Туулгандыгы тууралуу фактыны каттоо үчүн негиз болуп медицина органдары тарабынан берилген маалым кат эсептелет;
  • Ата–энесинин паспорттору талап кылынат.
  • Эгерде нике катталбаса баланын ата-энеси чогуу арыз менен кайрылышат бул учурда талап кылынган документтер өзгөрбөйт (нике күбөлүгүнөн башка). 

Жоголуп кеткен жалпы жарандык паспортту калыбына келтирүү үчүн

Россиядагы КРнын жарандары жоготуп алган жарандык паспорттун калыбына келтирүү үчүн консулдук бөлүмгө кайрылат. Негизги документтер топтому (кошумча документтер талап кылынышы мүмкүн):

  • Туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
  • Никеге тургандыгы / ажырашкандыгы тууралуу күбөлүк;
  • Эгерде паспорттун көчүрмөсү болсо аны сөссүз алып алышы керек;
  • Миграциялык карта, РФнын аймагында каттоосу;
  • Миграциялык карта, РФнын аймагында каттоосу;

16 жашка чыккан баласына паспорт алуу үчүн

Россиядагы КРнын жарандары 16 жашка чыккан баласына алгачкы паспорт алуу үчүн консулдук бөлүмгө кайрылат. Негизги документтер топтому Туулгандыгы тууралуу күбөлүгү;

  • Миграциялык карта, РФнын аймагында каттоосу;
  • Ата-энелеринин паспорттору;
  • Ата-энелеринин жарандыктары ар кандай болгон учурда, баласынын КРнын паспортун алууга чет өлкөлүк атасынын же энесинин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн макулдугу;
  • Ата-энелеринин никеге тургандыгы / ажырашкандыгы тууралуу күбөлүктөрү;

Өлгөндүгү тууралуу күбөлүк алуу үчүн

Россиядагы КРнын жарандары жакындарына өлкөндүгү тууралуу күбөлүк алуу үчүн консулдук бөлүмгө кайрылат. Негизги документтер топтому

Жакын адамынын арызы. Ал арызда өлгөн адамдын бүт өздүк маалыматы жазылышы зарыл (аты-жөнү, туулган жылы, Кыргызстанда жашаган дареги, өлүмүнүн кырдаал себеби).

  • Өлгөн адамдын Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспорту. Паспорт өлгөндүгү тууралуу актысы менен Кыргызстанга жөнөтүлөт.
  • Өлүм фактысын каттаган тиешелүү органдардан документ (маалым кат).
  • Арызды жазган адамдын паспорту.

Ажырашууну каттоо үчүн

Россиядагы КРнын жарандары ажырашуусун каттоо үчүн консулдук бөлүмгө кайрылат. Эгерде ортодо бала жана мүлк боюнча маселе болбосо анда  негизги документтер топтому (кошумча документтер талап кылынып калышы мүмкүн):

  • Жубайлардын арызы;
  • Паспорттору;
  • Никеге тууралуу күбөлүгү.

Ал эми ортодо бала жана мүлк маселеси турса сот аркылуу гана ажырашууга мүмкүн. Ажырашкандыгы тууралуу күбөлүктү алуу үчүн күчүнө кирген соттун чечими жана паспорттору менен кайрыла алышат.

ЗАГС алуу үчүн

Россиядагы КРнын жарандары нике күбөлүгүн алуу  үчүн консулдук бөлүмгө кайрылат. Негизги документтер топтому (кошумча документтер талап кылынып калышы мүмкүн):

  • Никеге туруп жаткандардын жазган арызы (ордунан толтурулат);
  • Никеге туруп жаткандардын өздүгүн ырастаган документтер;
  • Эгерде никеге туруучулардын бирөө башка өлкөнүн жараны болсо жарандык абалы тууралуу маалым кат: кайрылуучулардын бойдок, никеде турбагандыгын же үйлөнбөгөнүн көрсөткөн документ. Буга чейин никеге турган болсо, никени бузуу күбөлүгүнүн же анын нотариалдык тастыкталган көчүрмөсү.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт