// //

Кайын энем күйөөм башкага үйлөнөрүн айтканда бийлегенин унутпайм

2021.03.29, 17:31
26834

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир айымдын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Жайлоо. Көк шибердин үстүндө конфет жеп отурам. Алыста күйөөм менен кыздарым кой менен аттарды көрүп жүрүшөт. Шаарда өскөн балдарым айыл турмушунан кабары жок. Биринчи жолу уйду көрүп алып бакырып ыйлагандарын эстеп күлөм. Мага улам кол булгалап коюшат. Мен эми чындап бактылуумун.

Кайда барам? Кантип акча табам? Каерде жашайм? Башында ак жоолугу булганып, көшөгөсү эмес, денеси көгөрүп бараткан кичинекей сары келин дале эсимде. Ооба, ал мен. Тагдырыма таарынып ыйлап бараткан элем. Жашоом бүттү, эч кимге керегим жок, ата-энем эрден чыктың деп кабыл албайт деп ойлогом. Бирок, менин бир адамга керегим бар экен, ал –өзүм.

Кайын энемдин элеси дале көз алдымда. Үйүнөн кууп чыкканына жыргап, колун белине таянып, алма жеп карап турду. Менсиз жашай албаганын айтып, күн сайын серенада ырдап тереземдин түбүнөн кетпеген күйөөмдөн дайын жок. Артыман чуркап келип, кечирим сурайт деп кылчайып карайм. Аттиң, чыкпады.

Турмуш курганыбызга бир жыл айланбай жатып колу тийди. Укпаган сөздү угузду, жүрбөгөн адам менен жүргүздү, кылбаган ишти кылдырды. Мага бакырып жатса кайын энем унчукпай карап турат эле. “Балам тамагың ооруп калбасын, жүр чай ичели”,-деп чыгып кетишкенде тирүүлөй күйөт элем. Эң кызыгы экөөнө эмес, ушул нерсеге жол берип, өзүмдү тепселетип жаткан өзүмө ачуум келип жатты.

“Туубаган аялдын эмне кереги бар!” Кош бойлуу боло албай койдум. Балким, тагдыр менин бактым ал үйдө эмес экенин билди. Дарыгерге барсам, баары жакшы дейт. Күйөөмө сен дагы көрүн десем, анда баары жакшы экенин айтып бакырат.

“Апа, мен башка аял алайын деп жатам.” Күйөөм бир күнү ушинтти. Кайын энем эмне кылды дебейсиңерби, бийледи. Ошондо, ордуман туруп, эч нерсемди албастан үйлөрүнөн чыгып кеттим. Бул акыркы чекит болчу. Сабырым түгөндү. Мен мындан кийин өзүмө сөз, кол тийгизбейм!

Коркуунун аркасында сонун жашоо бар экенин билсем, эбак эле кетип калмакмын. Бирок, эч качан кеч эмес. Азыр мен бактылуумун. Мени сыйлаган, сүйгөн, урматтаган күйөөм, мотурайган эки кызым бар.

Өзүмдү, каалоолорумду баарынан биринчи орунга койгонду үйрөнгөндөн бери жашоо жүз градуска өзгөрүлдү. Азыр баягы ыйлаак сары кыз жок. Элдин пикири мен үчүн эч нерсе эмес. Менин бактым биринчи орунда. Силерге дагы айтарым, эч качан жашоо ушундай экен, болду деп баш ийип бербегиле. Ар бирөөңөр бактылуу болууга татыктуусуңар. Менден эч нерсеңер кем эмес. Алдыга бир кадам, болду анан жыйынтыгын көрөсүңөр.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Бир күйөө врачтан уруксат сурап аялы операциядан чыккыча колун кармап турду

Абысынымдын баласынын бир сөзү, күйөөм экөөбүздүн оозубузду жапты

"Мачо" жигитти эмес, “нитороок” мени тандаган кызга жетким келет

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт