// //

Атам эжемдин тоюн бир жума калганда токтотту

2021.03.25, 16:54
10783

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир кыздын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Эжем экөөбүз бир окуу жайда окуйбуз. Ал менден эки жаш улуу анан сулуу. Артынан чуркаган жигиттер көп. Кээде мага жаккан балдар аны караса кадимкидей кызганам. Бирок, эжемди аябай жакшы көрөм. Боорукер. Акыркы он сомун берип мени маршруткага салып жиберет. Өзү болсо группалаш кыздарынан карыз сураганы артка кетет.

Быйыл сүйлөшүп жүргөн жигитине турмушка чыгат болчу. Экөө айылдан баш кошуп, кайра шаарга келип окууларын улантышмак. Жигити дагы студент.

Ата-энеси үйгө куда түшүп келишкен. Сөйкө салып жатканда “кызыңызды окутабыз, кайра эле шаарга кетет”,-деп жаткандарын угуп калгам. Атам эжемдин тандоосуна тоскоол болбой турганын айтып макулдугун берген.

Той күнү белгиленип, туугандарга кабар узап, тоодон кыз узатууга союлчу жылкы, койлорду алдырттык. Эжем көйнөк тандап, макияж, чач жасалгасына алдын ала жазылып койду. Мен байкуш күн сайын инстаграмга кирип көйнөк издейм. Баарынан сулуу болгум келди. Бирок, кыялымдагы көйнөктү таппай бултуңдап ыйлайм. Эжем байкуш күйпөлөктөп жаныман чыкпайт.

Бир жумадан бери эжемдин көңүлү жок. Тамак ичпейт. Күн сайын көйнөгүн карап суктанчу эле, азыр шкафынын жанына басып барбайт. Сурасам баары жакшы деп коет. Ата менен апам дагы кабатыр болуп жатышты.

Түндө ойгонсом жанымда эжем жок экен. Терезебиздин түбүндө шыбырашкан үндөр угулат. Акырын бутумдун учу менен туруп барсам, атам менен эжем отуруптур. Эжем ыйлап жатат. Атам чачын сылап отурат.

- Ата, мен туура эмес тандоо кылган окшойм. Жигитим “баш кошкондон кийин окууңду таштап ата-энемди багып айылда каласың, мен шаарга келем”,- деди.

- Сен ошон үчүн көңүлүң жок жүрдүбү?

- Ооба, ата. Туугандарга кабар кетип, мал алынып калды. Анан кантип тойду токтотом, силерди уят болбосун дегем.

- Кызым, сенин бактың элдин сөзсүнөн, кара жылкынын этинен бийик турат. Кичинеңден билимге умтулган жан элең. Кантип ал умтулуңду курмандыккка чалайын дедиң. Жок кызым, сен али жашсың. Эгер турмушка чыкпайм десең мен сенин тандооңду колдойм. Атаң, ар дайым сен тарапта. Жаңылбасак туура эмес экенин кантип билмек элек. Жаңылып, мүдүрүлүп жүрүп бутубузга турабыз. Сөзсүз кыялыңдагы мырзага жолугасың. Кайра сүйүн да, жылкы менен койдун өмүрүн сактап калдың.

- Ата, рахмат. Мага ушул сөзүңүз керек болчу.

Экөө кучакташып күлүп отурду. Акырын ордума барып жатып алдым. Бир аздан кийин атам келип бетимден өөп, “шпион, укта, эртең экзамениң бар”,-деди.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Бир күйөө врачтан уруксат сурап аялы операциядан чыккыча колун кармап турду

Абысынымдын баласынын бир сөзү, күйөөм экөөбүздүн оозубузду жапты

"Мачо" жигитти эмес, “нитороок” мени тандаган кызга жетким келет

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт