Үйдө калсам өзүмдү жалгыз сезип ыйлай берем. Эмне кылсам болот?
Саламатсызбы! Жашым 23тө. Эмнегедир өзүмдү жалгыз сезип, үйдө жалгыз калсам ыйлай берем. Атам кичинекей кезимде каза болгон. Апам мен турмушка чыккандан жыйырма күн өткөндө көз жумду. Жалгыз инимдин келечегин ойлоп жүрөгүм сыгылат. Туугандарым менен байланышкым келбейт.
Балалуу боло элекмин. Жолдошум үйдө жок болсо эле өзүмдү жалгыз сезип ыйлай берем. Эмне кылсам болот? Жашоого болгон көз карашымды кантип өзгөртсөм болот?
Гүлжан Алижанова
Психолог
Саламатсызбы! Учурда башыңыздан кыйын күндөрдү өткөрүп жатасыз. Жакынын жоготкондо көпчүлүк адамдар өзүн жалгыз, жаман абалда калышат. Бул кадыресе көрүнүш. Башыңызга түшкөн сыноону сабырдуулук менен көтөргөнгө аракет кылыңыз. Мындай жол менен жаңы жашоого кадам таштайсыз. Ошондо өзүңүздү жалгыз сезбей каласыз.
Чынында, жалгыз эмессиз, жаныңызда күч, түрткү берип турчу жолдошуңуз бар экен. Аны менен көбүрөөк сүйлөшүп, ичиңизде болуп жаткандарды айтыңыз, ойлоруңуз менен бөлүшүңүз.
Өзүңүзгө кам көрүңүз, алаксыңыз, сейилдеңиз, көңүлүңүзгө жаккан адамдар менен сүйлөшүңүз, жакшы көргөн ишиңиз менен алек болуңуз.
Ийгилик каалайм!