// //

Никени каттоо тууралуу бардык суроолорго эксперт жооп берет

2021.03.22, 12:59
2223

Бишкек шаарынын Бакыт өргөсүнүн башчысы Дария Райымкулова түз эфирибизде конокто болуп, окурмандардын никени каттоо тууралуу суроолоруна жооп берди.

ЗАГС алуу үчүн кандай документтерди чогултабыз?

Жубайлар нике күбөлүгүн алуу үчүн бир ай мурун арыз ташташат. Ага чейин эртерээк келип ИНН бирөө элеби (кээде бирден көп болуп калат) жана паспортундагы дареги базадан чыгабы текшертип алышса жакшы болот. Никени каттоо үчүн төмөнкү документтер керектелет:

  • Паспорт;
  • Мурда жубайлардын бирөөсү же экөө тең никеде турган болсо, никеси бузулгандыгы тууралуу күбөлүк;
  • Эгер ортолорунда балдары болсо, балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү;
  • Кош бойлуу болсо, поликлиникадан мөөрү басылган боюнда бар деген медициналык маалымкат талап кылынат.

Тактай кетчү жагдай, паспорттору менен кайрылып жактан эки жаштын арызын дароо кабыл алып, бир ай мөөнөт беребиз. Ал эми никеге чейин жубайлардын ортосунда бала болсо, балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндө атасы жана энеси деп никеге туруп жаткан адамдардын аты-жөнү көрсөтүлсө, ошондой эле кош бойлуу деген медициналык мекемеден маалымкат болсо, никени каттоого кайрылган күнү арызды кабыл алып, никеге тургузабыз. 

Никени каттоого канча сом төлөйбүз?

Никени каттоо тарифтери жыл сайын өзгөрүп турат, ошондой эле баалар ар кайсы аймакта ар кандай болушу мүмкүн. Айталы, борборда кымбат, айыл жергесинде арзаныраак.

Бишкек шаарынын бакыт өргөсүндө, никени салтанаттуу түрдө каттап, нике күбөлүгүн алуу - 1842 сом болот. Жөн эле алам дегендер калкты тейлөө борборлоруна кайрылып, бланктын наркын гана төлөшөт – 57 сом.

Никени каттоого жубайлардын бирөөсү эле келсе болобу?

Тилекке каршы, бул нерсеге мыйзам жол бербейт. Арызды жубайлардын экөө чогуу келип жазат. Нике катталган күндө дагы экөө келип, колдорун коюп, анан күбөлүктү алып кетишет. Ошондой эле, нике күбөлүгүн интернет аркылуу алуу мүмкүн эмес.

Эгер түгөйлөрдүн биринде арыз берүүгө шарты жок болсо, айталы чет өлкөдө болсо, бири чет жактан, бири бул жерден, арыз берсе болот. Чет жактан жүргөн жарандын арызына коюлган кол тамгасы нотариалдык түрдө тастыкталууга тийиш. Ошол арызы менен бул жактагы түгөйлөрдүн бири келип, арызын берсе кабыл алабыз. Бирок дайындалган күнгө, башкача айтканда бир айдан кийин, экөө чогуу келүүсү зарыл. Бул милдеттүү шарт.

Чет элдик жаран менен нике туруу үчүн эмне кылуу керек?

Эгер жубайлардын бирөөсү чет өлкөнүн жараны болсо, ал өзүнүн мамлекетинде башка никеге катталбагандыгы тууралуу маалымкатты алып келип берүүгө тийиш. КМШ өлкөлөрүнүн жарандары үчүн айтулуу маалымкат легализациясыз кабыл алынат. Ал эми башка мамлекеттин жараны маалымкатына апостиль койдурууга тийиш. Апостиль жок болсо легализациядан өтүшү керек.

Россиядан никебизди каттасак болобу?

Албетте, болот. Бул үчүн силер Россиядагы Кыргызстандын элчилигине кайрыласыңар. Кыргызстандан никеде турбайт деген маалымкат алып ошол жактагы ЗАГС органдарына дагы барсаңар болот. Эгер алар кабыл албаса, анда баштагыдай эле Кыргызстандын элчилигине барасыңар.

Бир учурда эки адам менен ЗАГСка турса болобу?

Жок, болбойт. Мыйзамыбыз  бир эле адамдын эки башка адам менен никеге туруусуна уруксат бербейт.

Каттоосу айылда болгондор, шаардан нике күбөлүгүн алалабы?

2020-жылы чыккан мыйзамга ылайык, каттоосу кайда болбосун, факт жүзүндө жашаган жери боюнча никесин катттай алат. Тактап айтканда, эгер каттооңор айылда болсо, бирок шаарда же башка район, облустарда жашасаңар, паспортуңар менен ошол жактагы  ЗАГС бөлүмдөрүнө кайрылып никеңерди каттай аласыңар.

ЗАГС албай койсо эмне болот?

Жубайлар үй-бүлө курганда, экөөнүн бири-бирине карата милдеттери жана укуктары пайда болот. Никесин мамлекеттик түрдө каттап коюшса, ошол милдеттеринин аткарылышын жана укуктарынын корголушун мамлекет көзөмөлгө алат жана кепилдик берет.

Никеси жок деген кагазды кайдан алабыз?

Никеси жок деген маалымкатты  мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменттине кайрылуу жолдоп, үч күндүк мөөнөттө алса болот. Аны алуу учун адам өзү барып арыз ташташы керек. Эгер өзү келе албаса, нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн ишеним кат аркылуу өкүлүн жөнөтсө болот.

Маамылкат үч жумуш күнүн ичинде даяр болот, акысыз. Шашылыш керек болсо, 156 сом төлөйт.

Биринчи нике бузбай туруп, экинчисине турса болобу?

Жок, болбойт. Биринчи никени расмий түрдө бузулгандан кийин гана экинчи нике катталат.

Нике күбөлүгүбүздөгү жазуулар өчүп калды, кантип алмаштырам?

Бул учурда дубликатын кайталап аласыз. Факт жүзүндө жашаган жериңиздеги калкты тейлөө борборлоруна кайрылып, бланкка 57 сом, мамлекеттик алымга 100 сом бересиз.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт