// //

Косметолог: Көздүн тегерегиндеги бырышты алдын алуу сырлары

2019.01.21, 18:06
11462

Убакыттын өтүшү менен адамдын жүзүндө майда бырыштар пайда боло баштайт эмеспи. Албетте бул бардык адамга жакпаса керек. Косметолог Надира Бейшеева көздүн тегерегиндеги бырыштарды алдын алуунун сырларын айтып берет. 

Көздүн тегерегиндеги тери -өтө назик, жука жана сезимтал болот. Кадимки эле көз ирмемден көздүн айланасындагы булчуңдар иштеп, мимикалык бырыштар түшөт. 

Көздүн тегерегине бырыш түшөт:

  • Нормалдуу эс албаганда;
  • Уктоо режими бузулганда;
  • Тузду ашыкча колдонгондо;
  • Бөйрөк, кан-тамыр, жүрөк жабыркаганда.

Ошондуктан, көздүн айланасына туура кам көрүү керек.

Ал үчүн, 

  • Гипераллергиялык косметикалык каражаттарды колдонуу,
  • Декоративдик косметиканы мөөнөтү бүткөндө колдонбоо,
  • Атайын бет майларды, уюткуларды (сыворотка) колдонуу,
  • Күнгө чыкканда атайын SPF крем колдонуу,
  • Күндөн коргоочу көз айнек тагынуу.

Бырышты алдын алуучу косметологиялык каражаттар:

  • Мезотерапия;
  • Пиллинг;
  • Лазердик жылмалоо;
  • Ботокс;
  • Биоревитализация.

 

Үй шартында:

  • Петрушкадан маска;
  • Ромашкадан маска;
  • Көк чайдын тундурмасы;
  • Муз кубиктери.

 

Маскалар:

Бир даана картошканы майдалап, ага 1-2 чоң кашык сүт же каймакка аралаштырып, көздүн тегерегине 15-20 мүнөт коесуз. Андан соң жылуу суу менен жууп коюу жетиштүү.

100 гр сулу акшагына 1 чон кашык сүт, 1 даана жумуртканын сарысын аралаштырып, көздүн тегерегиндеги бырышты алдын алуу үчүн колдонсо болот.

Сулуулук дүйнөнү сактайт! 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт