// //

Эмделбеген бала балдар бакчасына, мектепке бара алабы? Юристтен кеңеш

2019.01.21, 17:56
3038

Bilesinbi.kg дарегине келип түшкөн юридикалык суроолорго юрист Нурислам Раимжанов жооп берди. 

Баламдын атасы түрк

Түркияда көз жаргам. Баламдын атасы түрк. Ал мага үйлөнбөйм деп жатат. Балама түрктүн аты берилген. Азыр Кыргызстанга кетейин десем баламдын документи жок. Консулдукка барсам “атасынын макулдугу керек” дейт. Атасына чалсам ал “мага баары бир” деп жатат. Эми эмне кылам? Акчам да, жумушум да жок.

Окурман, баланын атасы менен сиздин ортоңузда никелешүү жөнүндө күбөлүк жок болсо, мыйзам боюнча жубай болуп эсептелбейсиз. Мындай учурда консулдук атасынын эч кандай макулдугу жок эле, Кыргызстанга кайтып келүү үчүн документтерди даярдап берүүго тийиш. Анткени, Кыргыз Республикасынын Жарандык абалдын актылары жөнүндөгү мыйзамдын 4-беренесинин 2-бөлүгүндө, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери, жарандык абалдын актыларын жазуу органдарынын катарына кирет жана туулгандыгы тууралуу күбөлүк берүү функциясын аткарат.

Эгерде сиз консулдуктун ишине карата арыздангыңыз келсе, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Айдарбеков Чыңгыз 
Азаматовичке арыз менен кайрылсаңыз болот. Арызды бул шилтеме аркылуу http://www.mfa.gov.kg/sendmail/obrashenie жибериңиз.  

Балага тиешелүү документ жок

Эжем бала багып алган. Төрөп берген кыздын баш тартуу кагазынан башка эч нерсе жок. Кантип документ топтосо болот?

Эжеңиз өзү жашаган аймактын социалдык өнүгүү башкармалыгына кайрылуусу керек. Ал жерден эжеңизге чогултууга керек болгон документтердин тизмесин берет. Толугураак...

Эмдөөсүз жүрсө көйгөй жаралбайбы

Балдарымды эмдөөдөн өткөрбөй эле койсомбу дегем. Бакчага, мектепке баруусуна көйгөй жаралбайбы? 

Сизге же балдарыңызга бала бакча же мектеп жактан эч кандай көйгөй болбошу керек. Кыргыз Республикасынын Жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо тууралу мыйзамынын 5-беренесинде “Кыргыз Республикасынын жарандары иммунопрофилактиканы жүргүзгөн учурда - эгерде башка ченемдик актыларда башкалар көрсөтүлбөсө, профилактикалык эмдөөдөн баш тартууга укуктуу” деп көрсөтүлгөн. Бүгүнкү күндө эмдөө (прививка) ыктыярдуу болуп эсептелинет. Сиздин же балдарыңыздын эркине каршы эмдөө жүргүзө алышпайт.

Эгер бала бакча, мектептен көйгөй туулса прокуратура органдарына кайрылсаңыз болот. Анткени Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 40-беренесинин 2-бөлүгүндө, “Ар ким өз укугун жана эркиндигин мыйзам менен тыюу салынбаган бардык ыкмалар менен коргоого укуктуу” деп көрсөтүлгөн.

Жолдошумдун эч нерсеге кызыгы жок

Жолдошум менен ажырашайын дегем. Эч нерсеге кызыгы жок, үйдө эле жатат. Бирок “кетсең кет, кыздарымды бербейм” дейт. Нике күбөлүгүбүз бар. Эмне кылсам болот? Кыздарымды бербей коебу?

Кыргыз Республикасынын үй-бүлө кодексинин 66-беренесинин 1-бөлүгүндө “Ата-энелер өздөрүнүн балдарына карата  бирдей укукка ээ жана бирдей милдетти (ата-энелердин укуктарын) аркалашат”  деп көрсөтүлгөн. Эгерде балдар боюнча талаш маселе бар болсо, бул маселени сот чечет.

Аты-жөнүмдү кантип өзгөртөм

Аты-жөнүмдү, туулгандыгы тууралуу күбөлүгүмдү алмаштырсак канча сом болот?

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо Кызматы берген маалыматка караганда сиз сурап жаткан кызмат үчүн 115 сом төлөнөт. Кеңири бул шилтемеден таанышсаңыз болот https://grs.gov.kg/ru/subord/drnags/eng_registration/758-stoimost-uslugh-grs-pri-pkr-po-linii-zags/

Туулгандыгы тууралуу күбөлүгүмдү жоготком

Мен туулгандыгы тууралуу күбөлүгүмдү жоготуп алгам. Көчүрмөсү дагы жок. Кантип жаңы күбөлүк алсам болот?

Төрөлгөн же жашаган жериңиз боюнча ЖААК бөлүмүнө кайрыласыз. Сизге жаңы туулгандыгы тууралуу күбөлүк жасап беришет. 

Сотсуз маселе чечилбейби?

Балама кандай жол менен паспорт алып бере алам. Туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн жоготуп алгам. Архивге кайрылсак туура эмес жазып берип жатышат. "Соттошкула" дейт, ким менен соттошуш керек. Соту жок чечилбейби? Сөзсүз бирөөнү соттош керекпи? 

Сиз жазуу жүзүндө ЖААК бөлүмүнө арыз менен кыйрылыңыз. Өз арызыңызда, кетирилген катачылыктарды көрсөтүңүз. Ал эми ЖААК бөлүмү сиздин арызыңызга 14 жумуш күндүн ичинде жооп берүүгө милдеттүү. Эгерде ЖААК бөлүмү оңдоп берүүдөн баш тартса, сотко бересиз. Мага байланышка чыксаңыз сотко берүүнүн жол жоболорун кенен айтып берем. 

Урматтуу окурман, сизде да көйгөй жараткан суроо болсо, 0704 00 46 08 номуруна же bilesinbi.kg сайтына сурооңузду узатыңыз. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт