// //

Мэрдин гана сүрөттөрү менен жаңылыктары. Ош шаарынын сайтында эмнелер жок

2021.03.16, 12:43
1451

Kaktus.media Бишкек мэриясынын сайтында жарандар үчүн кандай пайдалуу маалыматтар бар экендигин анализдеп жатып, Ош шаардык муниципалитетинин oshcity.kg сайтын дагы карап көрүүнү чечти.

Жарандарга эмне керек?

  • Бош орундар.
  • Мэриянын пландарынын аткарылышы боюнча көрсөткүчтөр.
  • Калктын социалдык аялуу үй-бүлөлөрүнө жардам: социалдык коргоо бөлүмдөрүнүн байланыштары, процедуралар ж.б.
  • Орус тилине толук котормосу.
  • Чыгымдар боюнча отчеттуулук: статьялар, суммалар, мөөнөттөр.

Сайтта эмне бар?

Ош шаардык мэриясынын сайтынын визуалдаштыруу жана мазмунуна караганда, эл Таалайбек Сарыбашев мэри экендигин унутпашы керек. Ошол эле учурда, ички баракчаларда комментарий калтыруу үчүн формат анча ыңгайлуу эмес, ал эми тексттин сол жагында социалдык тармактардын иконалары бар "слайдер" жылып турат.

Сайтта "Башкы бет", "Ош шаарым", "Шаардын жашоочулары", "Шаардын коноктору", "Инвестициялар", "Муниципалдык кызматтар" бөлүмдөрү бар, бирок алардын дээрлик бардыгы иштебейт жана бөлүмчөлөрү бош барактар.

Чындыгында, сайттын жаңылыктар түрмөгү гана актуалдуу. Калгандары же эскирген маалыматтар, же иштебеген бөлүмдөр. Эгер "Менин шаарым" бөлүмүнүн кошумча баракчаларын карап чыксаңыз, анда мэрия шаардын тарыхын дагы, эс алуучу жайларын дагы билбейт. Анткени 2015-жылдан бери ал жерде эч кандай иш-чаралар өткөрүлбөйт, мэрияда дагы пландар жок, ошондой эле коммуналдык кызматтардын тарифтери жана учурдагы телефондор жөнүндө дагы маалыматтар жок. Көп жылдан бери жаңыланбаган бул баракчалардын эмне кереги бар экени такыр белгисиз.

"Шаар тургундары" бөлүмүнө караганда, шаардык бийликтин шаардыктарга айта турган эч нерсеси жок. Бардык 14 бөлүм тең бош. Муниципалитет, сыягы, Ош шаарына коноктор келет деп күтпөйт, анткени тиешелүү бөлүмдө эч кандай маалымат жок. "Инвестициялар" бөлүмү бош. Бизнесмендер үчүн уруксат кагаздарын кантип алуу, кайда инвестиция жасоо түшүнүксүз. Колдонуучулар Ош шаарынын бюджети кандай, ал кандайча сарпталып жаткандыгын, мэриянын шаарды өнүктүрүү боюнча пландары бар же жок экендигин билишпейт.

Муниципалдык кызматтар бөлүмүндө мэрия кандай кызматтарды көрсөтөт деген токтом бар.

Шаардык мэрияга кайрылуу үчүн байланыш телефонун сайттан табуу мүмкүн эмес. Тезирээк жооп берген ыңгайсыз байланыш формасы жана Facebook баракчасына шилтеме бар.

Сайтта эмне жетишпейт?

Сайт толугу менен жаңыланууга жана реструктуризациялоого муктаж, анткени учурда колдонуучулар үчүн эч кандай пайдасы жок.

Сайтты жаңыртып жатканда калктын көпчүлүгү үчүн шаардын жашоосуна байланыштуу негизги жаңылыктардан кабардар болуп туруу маанилүү экендигин эске алуу керек. Ош шаарынын тургундары мэриянын бир жылга карата кандай планы бар экендигин түшүнүшү зарыл. 

Ишкерлер үчүн белгилүү бир иштин түрү үчүн мэриядан кандай уруксат кагаздары керектигин, муниципалдык жерди ижарага алуу же сатып алуу жолу кандай болоорун түшүнүү маанилүү.

Активисттер, жалпыга маалымдоо каражаттары, бейөкмөт уюмдар үчүн жакынкы арада болуп өткөн окуялар жана иш-чаралар жөнүндө маалыматтар керек.

Туристтер үчүн шаардын кооз жерлери, сунуштар, кайсы жерлерге барууга болот, алардын иштөө убактысы, байланыш маалыматтары жана зыяратка чыгымдары менен таанышууга өзүнчө бөлүм керек.

Ош шаарынын сайтынан дагы кандай маалыматтарды көргүңүз келерин комментарийлерге жазыңыз.

Материал ALDA - Европанын жергиликтүү демократия ассоциациясы жана Европа Бирлиги берген ресурстардын жардамы менен чыгарылды. Бул басылманын мазмунуна "ПроМедиа Плюс" компаниясы гана жооп берет жана ALDA же Европа Бирлигинин көз карашын чагылдырбайт.

Доступ к информации. Анализ сайта правительства

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт