// //

Аялымдын конфет жегени абдан жагат. Бир күйөөнүн баяны

2021.03.15, 17:09
15549
Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир күйөөнүн катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.
Машинамды ремонтко берип коюп, үйгө автобус менен бараткам. Артымда өзүм курактуу эки киши сүйлөшүп келаткан. Аларды угайын деген деле ниетим жок болчу. Бирок ушунчалык катуу сүйлөшүп жатты дейсиңер, айрым кептерин кулагым чалып калды.
Аялдарды жамандашты. Билбейм, мага ушу “катын” деген сөз дегеле жакпайт.

- Э..ң, катыным тажатты.

- Менин катыныма акча болсо болду.

- Э..ң, кетир да башкасын ал.

- Алам эле, “бала белде, катын жолдо” дечү беле.

Каткырык күлкү. Аялзатын басынткан уят сөздөр.

Үйгө кырк мүнөттө жетем. Бул аралыкта аял жөнүндө бир да татыктуу сөз уга алган жокмун. Экөөнүн оюу боюнча аялды сүйүү уят, ал эми өмүр бою бирөө менен жашоо “скучно” имиш. Болбогон кептерин уккум келген жок. Төрт аялдама эрте түшүп кеттим. 

Ой басып баратсам, алдыма аялымдын жүзү калкып чыкты. Чачын ак баса баштаган, эки тиши жасалма, колдору жумшак, бирок, көзү ошол бойдон. Эстесем турмуш курганыбызга жыйырма жылдан ашып калыптыр. Өзүмө өзүм аны дагы эле сүйөмбү деген суроо бердим? Албетте! Ал мен үчүн дүйнөдөгү эң мыкты аял. Башканын кереги жок!

Турган-турпаты менен жагат: күлгөнү, басканы, таарынганы, ачууланганы, конфет жегени, чуркаганы, шашканы. Анан эмне үчүн мен аны сүйбөшүм керек? Ал деген менин ажырагыс бир бөлүгүм. Жүрөгүмдүн жарымы, бир көзүм, бир колум, бир бутум.

Мен ансыз эч киммин: үйдүн кожоюну эмесмин, балдарыбыздын атасы эмесмин, күйөө эмесмин. Оорусам убайым тартып, ачка болсом тамагын берип, кыйын күндөрдө колумду кармап отурат. Анан кантип анын көңүлүн оорутам? Ал деген менин аялым!

Ушундай аялды жолуктурган абдан жолдуу кишимин. Аялымды эч качан, эч ким менен талкуулабайм. Үй-бүлөдөгү көйгөйлөр, аялым экөөбүздүн көйгөйүбүз. Бирөөнү да жакын жолотпойм. Ичимден кобуранып келатып, бир сүйүнүп алдым.

Көчөнүн башы. Суукта жөө басып келатканымды көргөн аялым, “сениби, шашпа!” деп сөөмөйү менен кезеп күлүп карап турат. Мен сени сүйөм алтыным!

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

"Төрт балалуу аялды келин кылбайм" деп кайын энем мага жоолук салбай койгон

Кайын энем бир туруп бутум, бир туруп башым дей берип тажатты

Кайын энем “эмнеге келиниме өтүк алып берген жоксуң” деп күйөөмдү урушту

Келиним үйдөн сөз ташып жүргөнүн ата-энем билбейт

Апам байкемдин жуурканын мага ченеп тикти эле, андан биринчи үйлөнүп калдым

Бир күйөөдөн чыкканымды билсе эле эркектердин оюу бузулат

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт