// //

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун сайтын анализдейбиз

2021.03.15, 14:37
2232

Kaktus.media мамлекеттик органдардын маалыматтарына жеткиликтүүлүктүн алкагында ММК фондунун сайтын анализдеп чыкты. 

Колдонуучулар эмнеге кызыгышат?

  • Функциялар, ыйгарым укуктар.
  • Ар кандай категориялар үчүн кандай кызматтар акысыз.
  • Ар кандай категориялар боюнча баалары көрсөтүлгөн акы төлөнүүчү кызматтардын тизмеси.
  • Кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы социалдык чегерүүлөрдөн кандайча байланыштуу.
  • Буга чейин канча чегерүүлөрдү төлөдүм, бул суммага кандай кызматтарды акысыз жаба алам?
  • Биздин салыктар аркылуу саламаттыкты сактоонун каржылоо схемасы кандай?

Сайтта эмне бар?

Негизги меню көпчүлүк жарандар үчүн кайрылууларга арналган "Суроо берүү" электрондук формадан тышкары анчалык деле кызыктуу эмес бөлүмдөрдү камтыйт. Кийинки жумада жарандардын кайрылуулары боюнча жооптор камтылган мамлекеттик органдардын сайттарындагы иштер кандай жүрүп жаткандыгы жөнүндө кененирээк маалымат беребиз.

"Документтер" бөлүмүндөгү кошумча барактардын көпчүлүгү медициналык мекемелерге керек. Кимдир бирөө ордун толтуруучу дары-дармектер боюнча көрсөтмөгө муктаж болушу мүмкүн. Бир гана дары сатып алууда өзүңдүн чегерүүлөрүңдүн эсебинен бул компенсацияны кантип алуу керектиги белгисиз (балким, бул ооруканаларда гана иштейт).

Бөлүмдүн кошумча барагында "ММК полиси" өтмөгү бар. Жакшылап карасаң, "кошумча төлөмдөрдүн жеңилдетилген деңгээли" деген сөз боюнча гипершилтеме бар, бирок ал иштебейт.

Ошол эле учурда, дарыканалардын даректери "Документтер" бөлүмүндө жүрөт,  колдонуучулар аларды ушул жерден издөө керек экенин билишпесе деле керек.

"Иш-чаралар" бөлүмүндө көпчүлүккө белгисиз болгон ММК Фондунун төрагасынын эскирген пландары (2018-жылдан бери ММК Фондунун башчысынын пландары жок) жана "Оценка ОЗ по ФОР" бөлүмчөсү камтылган.

ММК фондунда аналитикалар анча деле көп эмес -1000 тургунду ооруканага жаткыруу боюнча таблица (2014-2017-жылдарга карата маалыматтар) жана тирүү төрөлгөндөрдүн саны.

"Кайрылуулар" бөлүмүндө 2016 жана 2017-жылдары жарыяланган суроолор жана жооптор камтылган.

 "ММК статусу" бөлүмүндө гипершилтемелер ачылбайт. Бирок, ИННиңди жазып, камсыздандырылгансыңбы же жокпу көрсөң болот. 

Сол тилкеде башкы бетте көптөгөн кошумча барактар бар, айрым маалыматтар башкы менюдагы бөлүмчөлөрдөгүдөй. Мындан тышкары, ММК Фондунун бюджети, фонддун пландары, өнүгүү стратегиялары, жеңилдетилген гемодиализ үчүн медициналык борборлордун тизмеси жана башкалар ушул жерде жайгаштырылган.

Ошол эле жерде милдеттүү медициналык камсыздандыруу калькулятору бар. Эгерде ИННиң менен кирсең, анда медициналык камсыздандыруу үчүн айлыгыңдан канча кармалып калаары, эмнеге укуктуу экениң жөнүндө маалымат алсаң болчудай. Мамлекеттик ооруканаларга барбай, жеке клиникалардагы кызматтарды төлөө үчүн бул каражаттарды кантип колдонууну билгиси келгендер бардыр. Бирок мындай маалымат жок, жана калькулятор туура иштебейт.

Жалпысынан, сайтта көптөгөн маалыматтар бар, бирок карапайым адамга түшүнүксүз.

Сайтта эмне жетишпейт?

Колдонуучунун негизги суроолоруна жооп жана ыңгайлуу түзүм жок. Жарандын медициналык камсыздандырууга канча салык салганын, бул сумманы кантип сарптай алаарын жана эмнеге укуктуу экендигин түшүнүү үчүн калькулятор жок. Калктын көпчүлүк бөлүгү үчүн камсыздандыруу эмнени камтыйт, эмнени камтыбайт, кандай өлчөмдө камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөйт, кайсы мамлекеттик программаларга ишенсе болот, жеткиликтүү түрдө түшүндүрүп бере турган бөлүм керек.

Жалпыга маалымдоо каражаттарына, активисттерге жана бейөкмөт уюмдарга канча акча түшкөндүгү, ал канчага жана кандайча жумшалгандыгы, кызматтарды канча адам алгандыгы жана кандай кызматтарды көрсөткөндүгү жөнүндө машинада окула турган статистика керек. Бул үчүн визуалдык блокту иштеп чыкса болот, ал жерде канча акча бар экендигин, канча каражат сарпталгандыгын, канча адам кызмат алганын ж.б.у.с. көрсөтүлөт.

Ошондой эле, керектүү маалыматтарды киргизип, кайсы мамлекеттик программаларга ишенүүгө укугуң бар экендиги жөнүндө жооп ала турган электрондук форманы иштеп чыгуу керек.

ММКнын сайтынан дагы кандай маалыматтарды көргүңүз келерин комментарийлерге жазыңыз.

Материал ALDA - Европанын жергиликтүү демократия ассоциациясы жана Европа Бирлиги берген ресурстардын жардамы менен чыгарылды. Бул басылманын мазмунуна "ПроМедиа Плюс" компаниясы гана жооп берет жана ALDA же Европа Бирлигинин көз карашын чагылдырбайт.

Доступ к информации. Анализ сайта правительства

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт