// //

Кызымды кандай сеп менен узатарымды уккан кудам катуу кучактады

2021.03.02, 13:47
9378

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир атанын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Мен атамын! Балалуу болгондон бери бул сөздү күн сайын миң жолу кайталайм. Жумуштан чарчасам же жалкоолугум кармаса, “Стоп! Мен атамын!” деп өзүмө эскертип турам. Мойнумдагы жоопкерчилик оор болсо дагы бирөөгө арта салып качып кетпейм. Өмүрүмдүн аягына чейин ал жоопкерчиликти көтөрүп жүрүүгө даярмын. Мейли белим бүкүрөйүп, далым талысын. Мотурайган алты балам үчүн баарына даярмын.  

Көптөр эс алсаң боло дешет. Жок! Мен эс албайм. Эгер эс алсам балдарым зымырап өнүгүп жаткан замандан артта калып калат.

Балдарым билим алышы керек! Балдарым дүйнөнү кыдырышы керек! Балдарым бактылуу болушу керек! Бул үчүн апасы экөөбүз колубуздан келген нерсени жасайбыз. Андан ары алып кетүү өздөрүнөн көз каранды.

- Ата

- Оу, берекем.

- Эгер окубайм, базарда бут кийим оңдоп иштейм десем эмне кылат элеңиз.

- Бир суроо бермекмин.

- Кандай суроо?

- Сен ошондо бактылуу болмок белең?

- Мисалы, ооба деп жооп бердим дейли.

- Сенин бактылуу болгонуңду көрсөм ыраазымын, мага баарынан ошол маанилүү.

- Ата, мен сени жакшы көрөм, билесиң да э?

- Билем, берекем.

Алтоо күн сайын ар кандай суроолорду беришет. Апасы экөөбүз эринбей отуруп жооп беребиз. Боорубузду эзип жашарткан, ойго салып карыткан ушул алтоо. Ата-энелерде бир сонун мүмкүнчүлүк бар: балдары менен балалыгына кайра кайтып бара балат.

Балаң менен көлчүккө секирип, көпөлөк кармап, кар киши жасап, тоодон тоголонсоң эч ким эч нерсе дей албайт. Балдарыңар чоңойгуча бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып калгыла!

Жүрөгүмдү ооруткан бир окуя менен бөлүшүп кетким келди. Эки кызымды өздөрү каалаган чет тилдер курсуна жаздырып, анын урматына балмуздак жеп келатканбыз. Алдыман эски таанышым чыкты. Кайдан келатканыбызды айтсам, "кыздарга билимдин кереги эмне, булар күйөөгө тийип үйдө отурушу керек”,-деди. Ошол маалда болгон күчүм менен ачуумду басып, “сенин кыздарың барбы”,-десем, башын ийкеди. “Ата, катары өз колуң менен канаттарын кесип коюпсуң. Кыздарыңа боорум ооруйт. Мен анте албайм. Кыз же уул деп бөлбөйм. Жубайым экөөбүз балдарыбызды үйдө отурууга эмес, билим алууга болгон умтулуусун колдойбуз”,-деп басып кеттим. Кызым артын карап, “ата, тиги байке, дале ойлонуп турат”,-деди. “Ойлонсун кызым”,- деп чачын сыладым.

Чет өлкөдө жүргөн улуу кызым жакында келерин, сүйүктүүсүнө турмушка чыгарын айтты. Апасы экөөбүз скайптан билгизбегени менен, түнкүсүн жууркандын алдына жашынып ыйладык. 

Сөйкө салганы куда түшүп келишти. Шакылдаган бир жеңеси сеп маселесин козгоп калды.

- Кызыңызды кандай сеп менен узатасыз? Бул жагынан кеп кылбайсызбы.

- Кызым дүйнөдөгү эң кымбат сеп менен кетет.

- Ал эмне болду экен?

- Билим.

Кудам ордунан туруп, жаныма келди. “Сиздей адам менен куда болуу мен үчүн сыймык!” – деп, колумду бекем кысып, кучактады. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Бир күйөө врачтан уруксат сурап аялы операциядан чыккыча колун кармап турду

Абысынымдын баласынын бир сөзү, күйөөм экөөбүздүн оозубузду жапты

"Мачо" жигитти эмес, “нитороок” мени тандаган кызга жетким келет

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт