// //

Күйөөм менден бекитип кайын журтума акча берип жүрүптүр. Эмне кылсам болот?

2021.02.26, 13:09
1513

Саламатсызбы! Жолдошум экөөбүз жашаганыбызга тогуз жыл болду. Ортобузда үч балабыз бар, төртүнчүсүн күтүп атабыз. Тогуз жылдын жети жылы аябай кыйынчылыкта жашадык. Жашоонун ысыгына, муздагына чыдап жашап келем. Колубузда жок убакта кайын журтум адам катары көрүшпөдү. Ачка калсак дагы  бир кесим нан бербеди. Балдар менен батирлеп жүрдүк. Атам балдарымды аяп магазин ачып берди. Эки жылда күйөөм экөөбүз дүкөндү жакшы иштетип кеттик. Эми кайын журтум акча сурай берип тажатышты. Барган сайын продуктарына акча берип келем. Эң жаманы күйөөм карындашына, кайын энеме менден бекитип акча берип жүрүптүр. Банктан которгон чектерин таап алып анан билдим. Эмнеге андай кылганын сурасам, мага кол көтөрдү. Өзү ай-күнүмө жетип калган элем. Кайын энем мен бар болсом телефонду өчүрүп коет, жок болсом күйөөм менен эки саат сүйлөшөт. Кайын журтумду, күйөөмдү аябай жаман көрүп калдым. Эмне кылсам болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
26.02.2021, 13:14

Асель Баимбетова

Психолог

Кутмандуу күнүңүз менен!

Түшүнүп турам, күйөөңүздүн жашырып туугандарына жардам берип жүргөнүн билүү сизге катуу тийди. Бул ортоңордогу мамиленин анчалык деле ишенимдүү эмес экендигинин көрсөткүчү. Балким, жолдошуңуздан башка жүрүм-турумдарды күткөнсүз, бирок чындыгында андай эмес экени сизди аябай ачуулантып, капа кылды.

Кандай болгон күндө дагы, чындыкты кабыл алуу керек. Күйөөңүзгө апасы менен карындашы күчтүү таасир этерин моюнга алыңыз. Албетте, оор, бирок бул факт.

Эгер туура түшүнгөн болсом, күйөөңүз экөөңөр муктаж болуп жүргөндө, эч ким үй-бүлөнөргө кийлигишчү эмес. Бутуңарга туруп, жашооңор оңоло баштаганда, кайдан-жайдан туугандарыңар пайда болуп, үй-бүлөлүк бюджетиңерге кол сала башташты.

Сиз үчүн үй-бүлө – бул күйөө, сиз жана балдарыңар болсо, күйөөңүз үчүн - анын апасы, карындашы, андан кийин гана сиз жана балдарыңар. Бул жерде экөөңөр айырмаланып турасыңар. Ошондой эле сиз башынан күйөөңүз менен акчаны кантип башкаруу керек деген суроону ачык талкуулаган эмессиз.

Балким, көйгөй анын туугандарына жардам бергенинде эмес, ортоңордогу ишеним менен макулдашуунун жоктугунда. Мунун көрсөткүчү анын алдап, сизге кол көтөрүүсү. Кол көтөрүү – бул зомбулук!

Жашоодо мындай болот, күйөөң менен мамиле түзүп, нааразычылыгыңды жана дооматтарыңды ачык айтуу өтө коркунучтуу, ал эми туугандарын күнөөлүү деп ойлоп, аларды күнөөлөө оңой. Бул жол коопсузураак болгонуна карабастан жолдошуң менен түшүнүшүүгө алып келбейт.

Эмне кылууну бир гана өзүңүз чечесиз. Абалдан чыгып кетүү жолдорун сөзсүз табасыз деген ойдомун. Эгер колуңуздан келбей жатса, психологго кайрылып кеңеш алыңыз.

Психолог Асель Баимбетова менен инстаграмдагы @psihologiya_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Эксперттин жообу
26.02.2021, 13:22

Эльвира Чокоева

Психолог

Саламатсызбы! 

Жолдошуңуздун туугандары силерге бир кесим нан беришпеди деп жазып жатасыз. Сиз жолдошуңузга турмушка чыккансыз, экөөңөр тең чоң адамсыңар. Эмне үчүн жакындары силерди багат деп күттүңүз? Үй-бүлөсү үчүн туугандары эмес, күйөөңүз жооп бериши керек.

Күйөөңүз жана анын кол көтөрүүсү боюнча. Кош бойлуу кезиңизде ал сизге колун көтөрдү. Демек, ал өз оюңузду айтканыңызда дагы колун көтөрүшү мүмкүн экен да?

Чындыгында, эмне кылууну жакшы билесиз, болгону ал чечим сизге жакпай жатат. 

Ар бир адам өз бактысынын устасы экенин айткым келет. 

Психолог Эльвира Чокоева менен @elvira_psiholog инстаграм баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт