Сүйүнчү пул ала турган ЗАГСтын кагазын жоготуп алдык. Эмне кылсак болот?
Саламатсызбы! Балама сүйүнчү алайын дегенбиз. ЗАГСтан кагаз берген, ошол менен барып алмакпыз. Эми ал кагазды жоготуп алдык. Эмне кылсак болот?
Мелисбек кызы Жаңыгүл
КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин мамлекеттик жөлөкпулдар бөлүмүнүн жетектөөчү адиси
Саламатсызбы! Бир жолу берилүүчү "Балага сүйүнчү" жөлөкпулун паспорт жана баланын күбөлүгү менен алсаңыз болот. Эгер ЗАГСтын кагазын жоготуп алсаңыз, кабатыр болбоңуз. Кайра барсаңыз бат эле калыбына келтирип беришет.
Кененирээк маалымат алуу үчүн жашаган жериңиз боюнча райондук жана шаардык социалдык өнүгүү башкармалыктарына, КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жарандар менен иштеген коомдук кабылдамасына кайрылыңыз, 0312 660 107, 0312 45-44-29 номуруна байланышка чыгыңыз, же министрликтин +996 990 603 030 WhatsApp номерине жазыңыз.