Сиңдим кыздарын таштап кеткен күйөөсүнөн алимент өндүрө алабы?
Менин бир тууган сиңдим айылга турмушка чыккан. Экинчи кызын төрөгөндөн кийин күйөөсү таштап кетти. Ошол бойдон жок. Эми эки кызына алимент өндүрсө болобу? Сиңдим өзү Москвада кыздарынын келечеги үчүн иштеп жүрөт. Кыздары апамдын колунда.
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Урматтуу окурман! Албетте алимент өндүрүү боюнча сотко кайрылып, күйөөсүнөн алимент өндүрө алат. Эгер сиңдиңиз чет жакта жүрсө, алимент өндүрүү үчүн сизге же сотко катышып алимент өндүрүү иштерин алып баруучу инсандын атына ишеним кат жиберүүсү керек болот. Ишеним каттын негизинде сотко анын өкүлү катары кайрылып кыздарына алимент өндурүү боюнча иш алып барасыңар.
Саламатсызбы,менин синдим турмушка чыккандан бери кордук коруп жашап келди,3жыл арасында корбогон кордукту корду байкуш.озунун ата энеси жоктугуна байланыштуу кайын журту куйоосу аябай кордоду,бир баласы бар боюнда бар кезинде куйоосу сабап журуп баласы ДЦП менен торолгон.азыркы учурда синдим куйоосу сабагандан улам баласын алып менин ата энемдин уйуно качып барды.кайын журту куйоосу болгон документтерин бербей атышат баласынын пенсиясын да беришпейт экен.озунун колунда бир да документи док кандай жол мн ажырашса болот жооп берип кайсы жактан баштаарыбызга жол корсотуп койсонуз,алдын ала чоон рахмат.