// //

Финансы министрлигин сайтында кандай маалыматтар бар экенин анализдейбиз

2021.02.23, 13:34
1328

Жарандар мамлекеттик финансы жөнүндө эмнелерди билиши керек? Алардын салыкка төлөгөн акчалары кантип сарпталат? Kaktus.media бул жана башка  маалыматтарды Финансы министрлигинин minfin.gov.kg сайтынан тапса болобу анализдеп көрдү.

Белгилей кетүүчү жагдай, өкмөттүн жаңы түзүмүндө Экономика жана Финансы министрлиги биригип, ага көптөгөн ведомстволор киргизилгенине карабастан, сайттар эски түзүмдөгүдөй эле өзүнчө иштеп жатат.

Жарандар Финансы министрлигинин сайтынан эмнени күтүшөт?

  • Коронавируска каршы күрөшүү үчүн келип түшкөн каражаттардын кирешелерин жана чыгашаларын.
  • Дарыгерлерге кошумча акчаларды жана компенсацияларды төлөө жөнүндө отчет.
  • Гранттар жана насыялар кандайча бөлүштүрүлөт - ыңгайлуу форматта ар дайым жаңыланып турган статистика менен.
  • Президент баш болгон жогорку даражалуу чиновниктердин айлыгы.
  • Кирешелер боюнча ыңгайлуу түрдө жүргүзүлгөн статистика: канча, кайда, салыктын кандай түрлөрү боюнча каражаттар келип түшкөн, кандай бажы алымдары, бюджетке канча каражат түшкөн.
  • Жөлөк пулдардын жана төлөмдөрдүн бардык түрлөрү: жөлөкпулдардын өлчөмү, алуучулардын саны, жылына, айына бюджеттен канча сумма сарпталат.
  • Айлык акыларды, пенсияларды, жөлөкпулдарды төлөөнү кечиктирген учурлар боло турган болсо алдына ала жарыялар.
  • Мамлекеттик бюджеттин чыгымдары тууралуу ыңгайлуу форматта, такай жаңыртылып турган маалыматтар: кайсы мамлекеттик органдарга жана алар эмнеге акча коротушат.
  • Ушундай эле деталдуу статистика менен мамлекеттик ички жана тышкы карыздар жөнүндө маалыматтар: кимге жана канча карыз, мамлекеттик карыз кандай тейленет, ай сайын жана жыл сайын канча сарпталат.

Какая информация нужна о госфинансах и какая есть на сайте министерства? АнализКакая информация нужна о госфинансах и какая есть на сайте министерства? АнализКакая информация нужна о госфинансах и какая есть на сайте министерства? Анализ

Финансы министрлигинин сайтында эмне бар?

Сайтта министрлик жөнүндө маалымат, ченемдик укуктук база, министрликтин буйруктарынын жаңыланган тизмеси бар. Ошондой эле байланыш үчүн маалыматтарды, учурдагы жаңылыктарды, онлайн кайрылуунун формасын, коомдук кабыл алуунун тартибин тапса болот.

Бюджеттин аткарылышы, мамлекеттик карыз жана башка тармактар ​​боюнча чачыранды маалыматтар бар. Вакансиялар, талкууга коюлган долбоорлорду дагы көрүүгө болот.

Какая информация нужна о госфинансах и какая есть на сайте министерства? Анализ

Какая информация нужна о госфинансах и какая есть на сайте министерства? Анализ

Мунун бардыгын издөө  ыңгайлуу эмес. Ал эми негизги менюдагы бөлүмдөрдүн шрифти көзүңдү оорутуп жиберет. Жарандарды кабыл алуу графигинде министрликтин жетекчилери жөнүндө маалыматтар жаңыртыла элек.

Какая информация нужна о госфинансах и какая есть на сайте министерства? Анализ

"Басма сөз кызматы" бөлүмүндөгү маалыматка жетүүгө байланыштуу мыйзамдар  бөлүмү "Эмне үчүн?" деген суроону жаратат. Ошондой эле үч бөлүмдү, бир бөлүккө бириктирүү туура болмок. Анткени алардын бири 2020-жылдын июлунан, экинчиси 2019-жылдан бери жаңыланган эмес. "Жетекчиликтин жолугушуулары" бөлүмү гана жаңыртылган.

Какая информация нужна о госфинансах и какая есть на сайте министерства? Анализ

Какая информация нужна о госфинансах и какая есть на сайте министерства? Анализ

Какая информация нужна о госфинансах и какая есть на сайте министерства? Анализ

"Министрлик жөнүндө" бөлүм дагы толук жаңыланган эмес.

Какая информация нужна о госфинансах и какая есть на сайте министерства? Анализ

"Коррупцияга каршы саясат" бөлүмү мезгил-мезгили менен жаңыланып турат, бирок ал жердеги бөлүкчөлөрдү кайра карап чыгуу туура болмок. Ошол эле учурда, бөлүмгө кирип коррупция жөнүндө маалымат берүү мүмкүн эмес.

Какая информация нужна о госфинансах и какая есть на сайте министерства? Анализ

Жарандар жана жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн эң пайдалуу маалыматтар башкы менюда эмес, сол тилкеде көрсөтүлөт.

Какая информация нужна о госфинансах и какая есть на сайте министерства? Анализ

Финансы министрлигинин сайтына эмнелер  жетишпейт?

Массалык маалымат каражаттары, өкмөттүк эмес уюмдар, изилдөөчүлөр үчүн  структуралаштырылган маалыматтар жетишсиз. Тышкы карыздар жана чыгашалар жөнүндө маалыматтардын көпчүлүгү Word, Excel жана башкаларда тиркелген файл менен өзүнчө жаңылык катары жарыяланат. Сайттан маалыматтарды табуу жана анализдөө кыйынга турат.

Какая информация нужна о госфинансах и какая есть на сайте министерства? Анализ

Сайттын негизги көйгөйү - маалыматтар көп жана чачыранды. Издеген нерсеңди табуу оор.

Кыргызстандагы финансы системасы кандай иштеп, мамлекеттик бюджет кандайча бөлүштүрүлүп жана мамлекеттик карыз кандайча өсүп жаткандыгы тууралуу маалыматтарды жарандар дароо таба ала тургандай кылып визуалдык түрдө берүү керек.

Мисалы, сайтка интерактивдүү таблицаны жайгаштырса, ар бир колдонуучу бюджеттен жана карызга алынган каражаттар жылдын аягына чейин кайда жумшала тургандыгын байкай алат. Кредиттик каражаттарды бөлүштүрүүгө өзгөчө көңүл буруу керек.

Ошондой эле окурмандар, бизнес жана ЖМКлар аналитикалык басылмаларды көрүүнү каалашат: жакынкы аралыкта кырдаал кандай өнүгөт, чет элдик валюталардын курсу өсөбү жана башкалар. Азыр бул тууралуу маалыматтар сайтта жок. Ал эми бюджеттин орто мөөнөттүү болжолу боюнча акыркы материал 2018-жылдын жайында жарыяланган.

Финансылык сабаттуулук боюнча блок керек. Анда Кыргызстандын жарандарына Кыргызстанда финансы иситемасы кандай иштээри, жеке бюджетиңди кандайча инвестициялоо жана башкаруу жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт.

IT адисинен кошумча кеңеш

Эгерде мамлекеттик чиновниктер, жалпыга маалымдоо каражаттары, жарандык сектор жана жөнөкөй жарандарды камтыган сайттын максаттуу аудиториясына көңүл бурсак, анда сайттын түзүмүн кайрадан карап чыгуу зарыл. Максаттуу аудитория үчүн маанилүү болгон блоктор көрүнүктүү жерге чыгарылып, анча маанилүү эместер толугу менен алынып же экинчи бөлүмгө жайгаштырылышы керек.

Чынында, негизги менюга жайгаштырылган маалыматтардын көпчүлүгү (байланыштарды кошпогондо)  министрликтин кызматкерлеринин өзүлөрүнө же сейрек кездешүүчү мамлекеттик кызматкерлерге керектүү нерселерди билдирет. Ошол эле учурда, бюджет жана мамлекеттик карыздар жөнүндө маалыматтар ыңгайсыз түрдө экинчи рубрикаларга жайгаштырылган.

Сурамжылоого караганда, адамдар бюджетке канча жана кандай салыктар түшкөнүн билгиси келет. Сайттын түзүлүшү ыңгайсыз, кайсы бөлүмдөн маалымат издөө керектиги белгисиз.  "Бюджеттик кирешелер" бөлүмүн кошуп, ал жерге бардык бюджетке түшкөн каражаттарды категориялар боюнча тизмелесе ыңгайлуу болот.

Ошондой эле, жарандар бюджеттик маалыматтардан башка дагы нерселерди издешет. Инфляция, валюта курсу, бизнести колдоого бөлүнгөн каражаттар, ипотека программасына бөлүнгөн каражаттар боюнча маалыматтар министрликтин сайтында ачык көрүнүп турушу керек.

Оң тилкеде айрым бөлүктөргө алып баруучу көптөгөн баннерлер бар. Министрликке түздөн-түз тиешеси жоктор департаменттин компетенциясына киргендер менен аралашып кетет. Алардын айрымдары жана ачык бюджет боюнча бөлүм иштебейт. Негизи эле бул портал бир нече жылдан бери иштебей турат.

Какая информация нужна о госфинансах и какая есть на сайте министерства? Анализ

Кимдир бирөө резюмесин жөнөтүп, бош орундарды көргүсү келиши мүмкүн. Сынактардын кулактандыруулары сайтка мезгил-мезгили менен жаңылыктар бөлүмүндө жарыяланып турат. Бирок издеп көрсөк, акыркы жарнама 2019-жылы чыккан.

Какая информация нужна о госфинансах и какая есть на сайте министерства? Анализ

Финансы министрлигинин сайтынан дагы кандай маалыматтарды көргүңүз келерин комментарийлерге жазыңыз.

Материал ALDA - Европанын жергиликтүү демократия ассоциациясы жана Европа Бирлиги берген ресурстардын жардамы менен чыгарылды. Бул басылманын мазмунуна "ПроМедиа Плюс" компаниясы гана жооп берет жана ALDA же Европа Бирлигинин көз карашын чагылдырбайт.

Доступ к информации. Анализ сайта правительства

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
M
Mirzohit Kamiljanov
24.02.2021, 19:48

Орус тилин кантип тез уйронсом болот номером+996859685

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт