// //

18 жаштамын, төшүм чоңойбой жатат. Эмне кылсам болот?

2021.02.23, 09:11
1680

Саламатсызбы! Мен 18 жашка чыктым. Бирок көкүрөгүм чоңойбой жатат? Эмне кылсам болот? Кантип чоңойтсом экен? Семирсем чоңоебу?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
23.02.2021, 09:22

Аида Осомбаева

Маммолог

Саламатсызбы! Бул жерде эч кандай патология жок, норма болуп эсептелет. Төшүңүздүн өлчөмү генетикадан көз каранды болушу мүмкүн: кимдир бирөөнүкү чоң, айрымдарыныкы кичинекей дегендей. Эң негизгиси төшүңүздө эч кандай шишик болбош керек. Муну өзүңүз кармалап көрүп байкап турсаңыз болот. Ооба, салмак кошкондо, кош бойлуу болгондо жана бала эмизгенде төш чоңоет. Бирок, баланы эмчектен чыгаргандан кийин же арыктаган соң кайра мурдагы калыбына келип калат. Мунун баары физиология. Профилактика үчүн жылына бир жолу УЗИге түшүп, маммологдон консультация алып туруңуз. Ашыкча кабатыр болуунун кереги жок.

Ден соолукта болуңуз! 

Маммолог Аида Осомбаева менен @dr.mammolog.kg инстаграм баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт