// //

Алты айлык кызыма "рахит" деген диагноз коюп жатышат. Бул коркунучтуубу?

2021.02.22, 15:43
2339

Саламатсызбы! Кызым беш айга толуп, алтынчы айга өттүк. Кызымдын уйкусу жакшы, курсагы ачканда, уйкусу келгенде эле ыйлайт. Бирок ыйлаганда чалкалайт, бешикте башын ары-бери сүртөт. Курсагы менен жаткырсам, пингвинге окшоп буту-колун көтөрө берет. Колго көтөргөндө да колун аркага кыла берет. Массаж жасап турам. Невропатологго көргөздүм. "Рахит" деген оору деди. Өзүм Аквадетримден кечинде эки тамчы берем. Сиз кандай кошумча кеңеш бересиз. Сураныч жооп берип коюңузчу.

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
22.02.2021, 16:12

Диляра Искакова

Педиатр

Саламатсызбы! Жазгандарыңызды окусам, көбүнчө рахиттин өтүшүп кеткен белгилери экен. Аквадетримди экиден эмес, төрт тамчыдан күнүнө бир маал, эртең мененки тогуздан онго чейин бергенге аракет кылыңыз. Бир айдан кийин кайра бир тамчыга өтөсүз. Күн чыккан маалда, 11ден 12нин ортосунда баланын бетин, денесин күнгө көрсөтсөңүз витамин Д пайда болуп, рахитти токтотот. Эгер күн ачылбай бүркөлүп тура берсе, бейтапкананын физикалык кабинетиндеги УФОго он күн алып барып коюңуз. Сөзсүз түрдө педиатрга бир көрсөтүп, башка белгилер жокпу аныктатып коюңуз. 

Балаңыз ден соолукта болсун!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт