// //

Кызымды атасы тааныбай жатат. Сотко берип экспертиза жасатсам болобу?

2021.02.22, 14:58
1549

Мен Москвада жүрүп бир балага алданып калып кыздуу болгом. Кызым азыр бир жашта кызым, өзүмдүн фамилямда. Кызымды атасы мойнуна албай жатат. Анын үй-бүлөсү, балдары бар экен. Сотко берсем сөзсүз ДНК жасатабы? Анын акчасын мен төлөп каламбы же атасы төлөйбү? Акысыз соттук биологический экспертиза өткөрсө болобу? Менде эч кандай күбө жок. Кызым кичинекей кыйналып жатам, ошон үчүн алимент өндүрөйүн дегем.  

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
22.02.2021, 15:03

Ширин Алмазова

“Линия защиты” коомдук фондунун адиси, адвокат

Саламатсызбы! Ооба, аталыкты аныктоо боюнча талаптарды карап жатканда сот соттук-биологиялык экспертизаны дайындайт. Соттон экспертизаны соттолуучунун, башкача айтканда, кызыңыздын атасынын эсебинен жасатууну сурансаңыз болот. Тилекке каршы акысыз экспертиза жок. Аталыгын аныктагандан кийин алимент өндүрүүгө документ тапшырасыз.

Кошумча маалымат алуу үчүн юристке кайрылыңыз.

Адвокат Ширин Алмазова менен @almazova__s инстаграм аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт