Кызым велосипедден кулап, чочосунан кан агып кетти. Эмне кылсам болот?
Саламатсызбы! Менин кызым жети жашта. Велосипед тебем деп жатып кулап түштү. Анан чочосунан кан агып кетти. Эмне кылсам болот? Коркуп жатам.
Жамиля Сагинова
Гинеколог-эндокринолог
Саламатсызбы! Кызыңызды сөзсүз түрдө балдар гинекологуна көрсөтүңүз. Адатта тышкы жыныс органдары, вульва жаракат алган болушу мүмкүн. "Детская плева" кээде гана жабыркашы ыктымал, анткени аны чоң жана кичинекей жыныс эриндери коргоп турат. Сейрек учурларда, катуу кан кетүү болуп, аны токтотуу үчүн тигүүгө туура келет. Жалпысынан, кызыңызды көрбөй туруп бир нерсе деп айта албайбыз, тезинен гинекологго алып барыңыз.
Ден соолукта болуңуз!
Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.