// //

Бир күйөө врачтан уруксат сурап аялы операциядан чыккыча колун кармап турду

2021.02.21, 16:11
19582

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир айымдын катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Бул окуя көп жыл мурун болгон. Анда мен бир айылдын бейтапканасында медайым болуп иштеп жүргөм. Кийин акча тартыш болуп соода тармагына өтүп кеттим.

Экөөнү капыстан базардан көрүп калдым. Жандарына барууга батына албадым. Бирок, бактылуу жүздөрүн көрүп, сүйүнүп алдым. Ичимден “көп жыл жашагыла”,-деп батамды берип, жолумду улап кеттим.

“Байке, мен кантип сыртта турам. Эгер аны менен бир нерсе болсо, өзүмдү кечире албайм. Колун кармап турушум керек. Суранам, байке “жок” дебеңиз. Тоскоол болбойм, болгону колун бекем кармап турам.”

Операцияга даярданып жатканбыз. Ары-бери чуркап приборлорду ташып жүргөм. Бир жаш жигит халатын кийип жаткан хирургдун жанына туруп алып жалдырап жатыптыр. Маани деле берген эмесмин. Бир маалда чөгөлөй калды. Медайымдар жалдырап туруп калдык. Хирург агай уялып кетип, “тур, макул” деди. Жанымдагы кесиптешиме, “практикантпы” десем, “жок, бейтаптын күйөөсү экен”,-деди. 

Аял оор абалда келип түшкөн. Жол кырсыгына кабылыптыр. Тез арада операция кылып, шаарга жөнөтмөкпүз. Жашап кетерине деле көзүбүз жетпей жаткан.

Хирургдун халатын кийип алып, наркоздо жаткан аялынын колун кармап полдо отурду. Улам өөп, “мени таштаба”,-деп, акырын суранып жатты. Ушундай дагы үй-бүлөлөр бар экенине бирде суктанып, бирде көрө албай жаттым. Себеби, күйөөмдөн мынчалык жылуу сөз укпаган жаным ыза болдум.

“Сен ойгонушуң керек. Мени таштаба угуп жатасыңбы? Балабыз чоңойсо эмне дейм. Апаңды сактай албадым деп кантип айтам. Экөөбүз чогуу карыйбыз дебедик беле. Сөзүңө тур. Болбосо, таарынам. Угуп жатасыңбы, катуу таарынам, катуу таарынам.” Медайымдар бышактап жашыбызды сүртүп жаттык. Хирург менен анестезиолог оор үшкүрүп коюп иштерин уланта беришти. Операция төрт сааттан ашык убакытка созулду. Полдо отурган боюнча жылган жок.

Үч күндөн кийин бейтапты шаарга жөнөттүк. Тез жардамдын унаасына салып жатып, хирург жигитти таптап, “сен болбосоң, келинчегиң жашай албайт эле, азаматсың”,-деди. Жигит, “жок агай, сиз болбосоңуз, жашай албайт болчу”,-деп ыраазчылыгын билдирип машинага отуруп кетти. Терезеден карасам комада жаткан аялынын колун бекем кармап өөп жатыптыр.

Кээде экөө эмне болду экен деп ойлоп койчумун. Минтип бир күнү жолуктуруп каларымды кайдан билдим. Арадан канча жылдар өтсө дагы, күйөөсү дале аялынын колун бекем кармап алыптыр. Ушундай окуяга күбө болгонума сыймыктанам. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Нике түндө күйөөм менин эмес апасынан койнунда уктады

Кайын энесине "апа" деп кайрылгысы келбеген кыздын баяны

Жүгүнгөндү жаман көргөн келиниме эч ким унчуга албайт

Жеңем күйөөмдү башкалардан кадимкидей кызганат

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт