// //

Жигитим менен жаткан сүрөттү элге таратам деди. Шантажга кабылган кыздан баяны

2019.01.18, 12:06
3334

Жигитим 4-курсту аяктаганда аны менен чогу отурушка баргам. Барсак кыздар-балдар толтура экен. Алды мас болуп ырдап калышыптыр. Группалаштары менен тааныштым. Окуучу кезде социалдык тармак аркылуу сүйүүсүн билдирген бир бала жигитимдин группалашы экен. Мени карап мыйыгынан күлүп “аяш менен таанышканыма чеги жок кубанычтамын” деп колумдан өөп койду. Олтурсам, турсам кечке мени тиктеп айламды кетирди.

Түнкү 12ге жакын кетели деп камынып калдык, жолубуздан тосуп кетирбей коюшту. Майрам аяктап ар ким ар кайсы жерге жатып уйкуга кеткен. Жигитиме ишенем, ал сөзүнө бек турган мырза. Ортобуздагы мамилебиз ар дайым чеги менен болуп келген. Ошондуктан макул болуп бирге жаттык.

Эртеси тааныш эмес номурдан жигитим мени кучактап жаткан сүрөт келди.

- Ким бул?

- Менден өткөн красавчик бала таап алгансыңго же машинасына карап жүрүп алдыңбы?,- деди. Жигитимдин группалашы Эрлан экенин дароо билдим.

-  Эмне керек сага?

- Сен керексиң! Эгер менин айтканыма макул болбосоң бул сүрөтүң ата-энеңе, туугандарыңа, элге жетет.

- Эмне сунушуң бар?

- Мени менен бир түн бол, жигитиңе айтам деп убара болбой эле кой, бир нерсе десе балдар менен сабап кетем! - деди.

Ыйладым, эмне кылаарымды, кимге кайрылаарымды билбей отурдум. Кечке ойлонуп, акыры жигитиме баарын айтып бердим. Ал Эрлан менен эркекче сүйлөшүп биздин сүрөттү өчүртүптүр. Ошол күнүм менин эсимден такыр кетпейт. Мени түшүнүп, мага жардам бергени үчүн жигитиме ыраазымын. 

Суроом: Шантаж тууралуу айтып бересизби? Мындай учурда эмне кылыш керек?  

Нурислам Раимжанов, юрист

Окурман, шантаж кылмыш болуп эсептелинет. 

Бир адам өзүнө пайда алуу максатында экинчи адамга тиешелүү маалыматты, белгилүү бир аракеттерди аткарбасаң  жүзөгө ашырам деп опузалайт.  

Шантаж аркылуу:

  • адам сатуу,
  • кул кылуу,
  • сексуалдык жака үндөө,
  • эмгекке пайдалануу,
  • акча талап кылуу,
  • кандайдыр бир келишимге кол коюуу,
  • туура эмес көрсөтмө берүү

жана башка аракеттер көрүлөт.

Шантажга кабылган адам эмне кылышы керек? 

  • паникага алдырбашы керек
  • шантаж кылып жаткан адам менен келишимге барбаш керек
  • күч органдарына кайрылуу керек

Эгер шантажга кабылган адамдын маалыматы чындык болсо, жакындарына ачыгын айтуу керек. Ошондо адам маалыматты өзү каалагандай туура жеткирип берет. Шантаж кылып жаткан адам үчүн бул пайдасыз маалымат болуп калышы мүмкүн.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт