Компьютер оюндарынан башы чыкпаган күйөөм менен жашасамбы же жокпу?
Саламатсызбы! Жашым 22де, 1 кызым бар. Турмуш кургандан кийин бир жыл өтпөй, төрөргө жакын жолдошумдан кетип калдым. Күйөөм күнү-түнү компьютер ойнойт, кээде үйгө дагы келбей коет. Такыр иштеген жок. Азыр кызым 8 ай болуп калды. Бир дагы жолу жардам бербеди. Кийими бүтүнбү, курсагы токпу иши жок. Анан дагы жашайлы деп аркаман кууп алганын токтотпойт. Качан болбосун "оңолдум", "иштейм", "жашайлы" деген сөздөрдү айта берет. Жолдошум менен жашасам туурабы же кызымы чоңойтуп келечегин курганым жакшыбы? Кайсы жолду тандасам жаңылышпайм? Өзүм жашабай эле коеюн деп жатам. Жактырбаган адамдар менен жашаш абдан кыйын экен. Кайын-журтум мени такыр жактырбайт. Аларга жагынбай эле коюну чечтим. Иштеп үй алып, бизнес куруп, кызымы эч нерседен кем кылбай чоңойткум келет. Күйөөмү жакшы көрөм, бирок, ага болгон үмүтүм өчүп калды. Кээде кыйналам, сагынып куса болом, бирок эмоцияга алдырбаганга аракет кылам.
Тамара Воронцова
Психолог
Кымбаттуум, сиз баарын туура кылып жатасыз! Биринчиден, күйөөңүз баш кошконго чейин эле сизди алдаган - ал өзүнүн компьтердик оюндарга болгон көз карандылыгы жөнүндө айтпай, жашырып койгон.
Биз психологдор төмөнкү адаттары бар эркектерден кетип калууну сунуштайбыз:
- алкоголизм
- баңгилик
- кумар оюндарына берилүү
- жалкоолук (иштегиси келбейт же аз иштейт, бат-баттан жумушунан айдалат)
- кол көтөрүү.
Мындай нерсени оңдоо - текке кетирилген убакыт, жашоо болуп саналат. Атүгүл “созависимые” деген термин бар. Башкача айтканда, аны менен бирге жашап жатып, анын адатына, маанайына, акчасынын жоктугуна, ачуулануу сезимине, убадаларына, оңолом деген кур сөздөрүнө көз каранды болуп каласыз. Аялдар жана балдар мындай эркектердин жанында бактылуу жашоону көрө алышпайт. Ал эми балдар үчүн бул терс үлгү.
Өзүңүз каалагандай жашаңыз! Сиз ийгиликке жетесиз жана сөзсүз бактылуу болосуз!