// //

Сиңдим менен кучакташып жатканда апам келип урганын унуталбайм. Жаш кыздын баяны

2021.02.08, 15:52
9176

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет жаш кыздын катын жарыялап, адистердин кеңешин сунуштайбыз. 

Саламатсызбы! Силерге адистерден жооп алуу максатында жазып жаттым эле.
Сөз башынан болсун.

Сиңдим экөөбүз чогуу жатат элек. Анда мен беште, сиңдим төрт жашта болсо керек. Күн аябай ысык болгону үчүн экөөбүз кийимдерибизди чечип койгонбуз. Бирок, ич кийимчен жана майкабыз бар болчу.

Эрте менен ойгонуп, ордубуздан турбай эле сиңдим экөөбүз бири-бирибизди кучактап сүйлөшүп жаттык. Аябай ынтымактуу жүрчү элек. Бир убакта апам бөлмөгө кирип эле экөөбүздү катуу ура баштады: Эмнеге кучакташып уят иштерди кылып жатасыңар! Апамдын андай оюу акылга сыйбаган иш болчу. Себеби биз ал убакта телевизор, телефон көрбөйт элек. Аябай катуу уруп салды, биз түшүнбөй эле ыйлап жаттык.

Мен кичинемден эле "эч качан балдарымды апам мага берген тарбия менен тарбиялабайм",- деп айтам. Апамдын бул кылганы менин келечегиме аябай чоң зыян алып келди. Сиңдимдин эсинде жок. Ошол убактан бери сиңдимди кучактап, өөп, жакшы көрөрүмдү айта албайм. Сиңдиме эле эмес бардык адамдарга ошондой мамиле кылам. Адамдар мени корс, мээрими жок деп эсептейт. Ичимден аларды аябай жакшы көрүп турсам дагы, айткым келсе дагы айталбайм.

Азыр сиңдим төртүнчү курста окуйт. Мага эркелеп, кучактаса акырын түртүп коём. Жакшы көрөрүн айтса жооп бербейм. Апам "кичинекей кезиңде аябай карап, сиңдим деп жүргөнсүң, чоңойгондо эле башкача болуп кеттиң",-дейт. Бул окуяга 20 жыл болсо дагы эсимден кетпейт. Эстеген сайын көзүмө жаш алам. Менин ушундай болушума апамды күнөөлү деп ойлойм. Бирок бир чети апам деп жакшы мамиле кылам. Кантип бул чоң таарынычты жеңсем болот?

Адистер жооп берет

Эльвира Чокоева, психолог

Кутмандуу күнүңүз менен! Тилекке каршы, балалыгыбызда болгон жагдайлар, айрыкча, ата-энебиздин кол көтөрүүсү жана урушу, кийинки жашообузга из калтырып, таасирин тийгизет.

Окуянын болгонуна 20 жылдай өттү окшойт, бирок сиз кырдаалды жакында болуп өткөндөй сүрөттөдүңүз. Бул сизде балалык жаракат калыптанып, сүйүүнү билдирүүгө блок түзүлүп калганын билдирет.

Апаңыз силердин чогуу жатканыңарды көргөндө коркуп кетти деп ойлойм. Балким, апаңызды кичинесинде мындай көрүнүштөр үчүн уяткарышкан. Анын ичинде өзүнүн коркуусу бар эле, анан ал коркуп, силерге кол көтөрүүнү чечти.

Азыр сиз бойго жетип калдыңыз, өзүңүздү кандай алып жүрөрүңүздү өзүңүз тандаганга укугуңуз бар. Психологияда "Сепарация" деген термин бар жана бул ар бир адам үчүн өтө маанилүү этап. Чоңойгондо бала ата-энесинен бөлүнүп, ата-энесинен башкача ой жүгүртүүгө, ар кандай каалоолорго ээ болууга, башкача реакция кылууга укуктуу. Башкача айтканда, ойлоруңуз, сөздөрүңүз жана иш-аракеттериңиз ата-энеңиздин иш-аракетинен кескин айырмаланышы мүмкүн. Бул нормалдуу.

Менимче, сиздин абалыңызда акырындык менен мамиле кылуу керек. Өзүңүздү дароо эле кичинекей кезиңиздегидей болууга мажбурлай албайсыз. Мага "кичинекей кадамдар искусствосу" ыкмасы абдан жагат. Бул кичинекей күнүмдүк аракет менен чоң нерсеге жетүү. Мисалы, сиңдиңиздин чачын тарап берип баштасаңыз болот. Акырындык менен көңүл буруунун көлөмүн көбөйтүңүз. Убакыттын өтүшү жана ушундай туруктуу аракеттер менен мурунку мамилелериңизге жакындашасыз.

Сизге ийгилик каалайм!

Тамара Воронцова, психолог

Саламатсызбы! Мен сизге психологго кайрылып, балалык кезиңизде алган жаракат жана апаңызга болгон таарыныч менен иштөөнү сунуштайм. Өзүңүз көрүп тургандай, арадан көп жыл өтсө дагы өз алдынча күрөшүү колуңуздан келбей жатат, анан дагы бул жаракаттар толук кандуу жашооңузга тоскоол болууда. Кесипкөй адиске кайрылыңыз.

Ийгилик каалайм!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт