Бир жашар кызыма кантип эсеп ачтырсам болот?
Саламатсызбы! Кызым бир жаш, алты ай болуп калды. Келечегине кам көрүү максатында эсеп ачтырсам дегем. Акча салып сактаганы кайсы банк ыңгайлуу? эмнелерди билишим керек болот?
Салтанат Барктабасова
"Айыл Банк" АККнын кардарларды тейлөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары
Саламатсызбы! Албетте, кызыңызга депозит ачтырсаңыз болот. “Айыл Банкта” бир канча депозит түрлөрү бар. Мисалы, балдарга арналган “Наристе” депозити, же башкаларын карап көрсөңүз болот. "Айыл Банктын" каалаган кеңсесине келип кайрылсаңыз, пайыздык чени чоңурагын жана толтуруп турган депозит тандап, заматта ачып беребиз. Жаныңызга паспорт менен кыздарыңыздын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн алып алыңыз. Минималдуу сумма 1000 сом саласыз.