// //

"Виагра": Дүүлүктүрүүчү дары тууралуу сексолог айтып берет

2019.01.17, 13:16
11094

"Виагра" деген эмне жана ал кимдерге жазып берилет? Сексолог Илья Комаровер бул керемет дары тууралуу айтып берди.

 Виагра кантип табылган? 

1987-жылдары АКШдагы кардиологиялык клиникалардын бири жүрөк-кан тамыр оорулары үчүн жаңы препарат колдоно баштайт. Көп өтпөй бул дарыны ичкен бейтаптардын потенциясы жогорулап (негизинен жүрөгү оорукчандардын потенциясы төмөн болот), медайымдардын айласын кетиришет. Таң калган дарыгерлер препаратты кайрадан изилдеп, виаграны ойлоп табышат.

 Ал кандай таасир этет?

Виаграны ичкенден кийин дененин жалпы басымы төмөндөп, курсактын төмөнкү кабатындагы басым жогорулайт. Мунун эсебинен эректилдик функция жакшырып, жыныс мүчөгө кан толот. Бул абал 2-3 саатка, айрым учурларда 4 саатка созулат.

 Кимдерге жазып берилет?

Виагра жазып берилет:

  • 65-70 жаштан жогору адамдарга;
  • эректилдик дисфункцияга чалдыккандарга;
  • простатиттин ар кандай түрү менен ооругандарга;
  • кандайдыр бир себептерден улам жыныс мүчөсү жабыркагандарга.

Жаштарга виагра колдонууга катуу тыюу салынат!

 Дарыны кантип ичет?

Виаграны болжолдонгон жыныстык катнашка бир саат калганда  ичүү керек. Аялдарга 50, эркектерге 100 миллиграммдыгы сунушталат.   

 Ичимдик менен ичүүгө болобу?

Эч качан виаграны алкоголь менен аралаштырбагыла. Ичимдик кан тамырларды кеңейтип, басымды түшүрөт. Ал эми виагра, тескерисинче, басымды көтөрөт. Экөөнү бир ичип алсаңар веналар жабыркап, кан агуу бузулат.

 Дарынын терс таасирлери барбы?

Виагра 100 адамдын 85ине гана таасир этет. Ал эми ошол 85ине кантип таасир берет бул чоң суроо. Эмнеге дегенде, курсактын төмөнкү кабатындагы басымдын жогорулашы, баш сөөк ичиндеги кан басымды да жогорулатат. Жыйынтыгында, дарыны ичкен адамдын башы ооруйт. Айрым учурларда, 3 саат өтсө да жыныс мүчөдөгү басым түшпөй, веналар кеңейип кетет. 

3 сааттан кийин жыныс мүчө калыбына келбей тикесинен тура берсе, дарыгерге чуркагыла!

 Кимдерге ичкенге болбойт?

Виаграны ичкенге болбойт:

  • артериалдык кан басымы барлар;
  • инфаркт же инсульт болгондор;
  • кош бойлуулар;
  • кан айлануу системасынын ооруларынан жапа тарткандар;
  • ашказанында жарасы барлар;
  • боору менен бөйрөгү ооругандар жана башкалар.

Виаграны дарыгердин көзөмөлү астында гана колдонгула!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт