// //

Ымыркайдын эмчегин сыгып койсо колонсо болбойбу? Педиатрга 10 кызыктай суроо

2021.02.04, 11:30
7323

Педиатр Диляра Искаковага эненин сүтү, эмдөө, баланын табити, памперс жана башкалар жөнүндө кызыктай суроолорду берип, акылдуу жоопторду алдык.

Баланын чачын бат-бат кырса, коюу анан кара болот деген чынбы?

Баланын чачы дагы башка орган сыяктуу эле тукум кууйт. Эгер тукумунда чачы коюу, кара жана калың адам болбосо, эмне гана кылбасын ошол бойдон калат. 

Баланын мурдуна же кулагына сүт сааган туурабы?

Мурду бүтүп калган балдарга туздуу суу же эмчектин сүтүн куюп кое бергиле деп айтабыз. Анткени, жылуу сүт менен катып калган нерсени бери чыгарып алса болот. Бирок, кулагына куйганга такыр болбойт. 

Баланын памперсин дароо которуш керекпи? Мисалы, бир жолу заара кылгандан кийин.

Эгер пасперс сапаттуу болсо, эмне үчүн эки үч жолу колдонгонго болбосун. 

Жаңы төрөлгөн ымыркайды орогон жакшыбы же эркин эле кое бергенби?

Сөзсүз эркин коюш керек. Себеби, бала кыймылдап турганда айлана-чөйрөнү таанып билип, бат өрчүйт. 

Баланы күн сайын жуунтуш керекпи?

Күн ысыкта күн сайын жуунтса болот. Күн суук, үйдө шарт жок болсо, жумасына бир жолу жуунтуу жетиштүү болот. 

Бала тамак жебесе эмне кылуу керек? Кыстап берген болобу?

Баланын табитине жараша түрлөп тамак жасап берген аракет кылгыла. Ошол эле учурда, жебейт деп көңүлүн карай бербей кызыктырып, алдап тамактандыргыла: апаң үчүн, атаң үчүн ж.б. 

Ымыркайга куйрук сордурса болобу?

Мен бул нерсени сунуштабайм. Эки-үч жаштан кийн мүмкүн болот. Ага чейин баланын организми куйрукту сиңире албайт, ичеги, ашказан оорусуна алып келет.

Баланын эмчегиндеги сүтүн саап койсо колонсосу жок болот деген чынбы?

Колонсо вирустук оору, мындавйча айтканда грибок жугат. Жаңы төрөлгөн балада андай болушу мүмкүн эмес. Ооба, ымыркайлардын төшү, энесинин гормону ага өтуп кеткендиктен чоңоет. Бул физиологиялык процесс, тийбей койсо өзү өтүп кетет. Эгер сыгып салсаңар, мастит, сепсис пайда болушу мүмкүн. 

Баланы көтөрүп силкисе болобу?

Болбойт. Баланын мээси жумшак. Ар бир силккен сайын сөөкө тийип, баш мээси чайкалат. Баланы силкилдетип эмес, таптап уктатуу керек.

Баланы эмдетпей койсо эмне болот?

Кыргызстанда 12 ооруга каршы эмдөө жүргүзүлөт. Эгер баланы эмдетпей койсо, ошол 12 оорунун астында алсыз болуп калат. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт