// //

Чалым экөөбүздү бириктирген келиниме ыраазымын

2021.01.14, 12:55
6094

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет кайын эненин катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Урматтуу Bilesinbi.kg сайты! Мен силерге чыккан окуяларды калтырбай окуйм. Окуйм деп коем, өзүм эмес, тиги жетинчи класс неберем окуп берет. А менин көзүм көрбөйт да. Сабактан келсе эле, “ай бүгүн эмне чыгыптыр” деп тосуп алам. Жакшы окуяларды чыгарасыңар, бирөөнө болбосо, бирөөнө жардам берет.

Тиги неберем “чоң апа үнүңүздү жаздырып жиберип коебуз, сиз сүйлөй бериңиз”,-деди. Замандын өнүккөнүн карабайсыңарбы, мурда катты колго эле жазчу элебиз.

Мен деле башкалардын кем калбай келинимди мактап коеюн дедим. Чыгарсаңар сүйүнөм, чыгарбасаңар деле сүйүнөм.

Абышкам экөөбүздүн төрт балабыз бар. Бирөөсү тогуз жыл мурун каза болуп калды. Себебин айтпай эле коюн. Карылыктын бир жакшы жери бар экен, каалабасаң дагы айрым нерселерди унутуп калат экенсиң. Уулумдун өлүмүн дагы акыркы күндөрү унута баштаганыма сүйүнөм.

Мен азыр кичүү келинимдин колундамын. Ушул келинимдин төрүндө жүрүп өлсөм арманым жок. Кыздарымдан көрбөгөн сыйды ушул кара-тору келинимден көрүп отурам. Ылайым, бактылуу болсун, көп жашасын.

Бул балам Россияда иштеп жүрчү. Ага чейин кыздарымдын колунда элем. Кийин экөө турмушка чыгып кетти. Анан атасы экөөбүз көп ооруп, жардамга муктаж болуп калдык. Ошондо эки кызым экөөбүздү бөлүп өз үйлөрүнө алып кетишти. 47 жыл жанымда жүргөн абышкамдан тирүүлөй ажырадым. Кыздарыма байкатпадым. Өзүбүз эле жашай берет элек, бирок кургур оору мүмкүнчүлүк бербеди. “Атаң кандай жүрөт”,-десем, жакшы экенин айтат, сүйлөштүрүп койбойт. Кыздарыма капа болдум. Ошентип алты жылдай чалымдан алыс болдум.

Уулум келип үйлөндү. Атасы экөөбүз ээрчишип тоюна бардык. Калп айтпайм, жанымда отурган чалым колумду кое бербеди. Кыязы ал дагы мени сагынган окшойт.

Сыртта отурсам уулум менен келиним келди. “Апа, жүрүңүз”,-деп келиним кайдадыр жетелеп жөнөдү. Жаңы там салышкан, ошонусуна бардык. Ичине кирсем чалым чай ичип отурат. Келиним мындан ары чогуу жашай турганыбызды айтты. Кудуңдап барып чалымдын жанына отуруп алдым.

“Апалап” ысык чайын сунуп, дарыларымды берип, көңүлүмдү карап турат. Мага мындан башка эч нерсе кереги жок. Эң негизгиси чалым экөөбүз чогуубуз, бизге ушул маанилүү. 

Бул неберем мага аябай жакын. Беркисине көрсөтпөй пенсиямдан катып берип коем. Ал мага бир нерселерди айтып берип, интернеттен баяндарды окуп берет. Мурда өзүм эле гезит окуй алчумун. Карылык көздү дагы алат экен.

Сонун келиним бар. Кээде чарчап уктап калат. Анда дагы унчукпайм. Байкуш, балдары кичинекей, чарчайт да ал деле.  Эң негизгиси абышкам экөөбүз чогуубуз. Курсагыбыз ток. Сый көрүп төрдө отурабыз. Кечээ кыздарым кабар алганы келиптир. Дароо айтып койдум. “Мен өлсөм могу колумдагы апамдын шакеги келиниме тиет”,- дедим. Таарынып калышты окшойт.

Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү. Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт, макалага тиешеси жок!

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кудагыйыма “кызымды көлөкөгө баккам” десем, “мен деле күн көрсөтпөйм” деди

Күйөөмдүн кандай жол менен акча таап келгенин угуп боорум эзилди

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт