Акыркы күндөрү байкем мага жөн жерден асылчу болду. Эмне кылсам болот?
Саламатсызбы! Мага психологдун кеңеши керек болуп жатат.
Мен 24 жаштамын. Турмушка чыга элекмин. Быйыл буйруса магистратураны бүтүрүп анан турмуш жолуна аттанайын деп ойлонуп жатам. Шаарда улуу байкем менен чогуу жашаганыбызга 5 жыл болду.
Акыркы эки жылдан бери жеңем менен эч эле келише албай жатабыз. Мен өзүм урушчаак эмесмин, көп учурда жеңемдин сөздөрүнө унчукпай кутулам. Акыркы күндөрү байкем мага жөн жерден асылчу болду. Кайдагы эле кичинекей нерсе үчүн мага кыйкырып, көңүлүмдү оорутат. Сыгылып ыйлай берип жүрөк оорулуу да болдум.
Бөлүнүп батирге чыгайын дейм, тилекке каршы, жалгыз кыз болгонгум үчүн үйдөгүлөр уруксат бербей жатышат. Бирок, кечеги урушкандан кийин чыгайын деп чечтим, эч кимдин сөзүнө бурбай. Мени бир нерсе токтотуп жатат. Эмне экенин билбейм. Мүмкүн коркуп жатам. Билбейм. Чыдап жашай берейинби турмушка чыккыча же квартирага чыгып кетсем туура болобу?
Асель Баимбетова
Психолог
Кутмандуу күнүңүз менен!
Сиз 24 жаштасыз, бойго жеткен көз карандысыз адамсыз.
Акчаны кантип табууну, өз жашооңуз үчүн жоопкерчиликти алууну билсеңиз, өз алдынча жашоого толук укугуңуз бар. Бир тууган байкеңиздин үй-бүлөсүнөн бөлүнүп кетүүдөн мурун коркуу жана тынчсыздануу сезимдеринин болушу кадыресе көрүнүш. Бул чоңоюп, өз алдынча жашоону үйрөнүүгө жана жаңы тажрыйба топтоого эң сонун мүмкүнчүлүк.
Эгер коркууңуздан арыла албай жатсаңыз, анда бир тууганыңыздын үй-бүлөсү менен жашоого жооптуу болушуңуз керек, алар менен сүйлөшүүнү үйрөнүңүз. Башкача айтканда, өз кирешеңиздин бир бөлүгүн азык-түлүк сатып алууга жумшаңыз, коммуналдык кызматтарга акы төлөңүз же жеңеңизге, балдарына жардам бериңиз.
Сиз алардын үйлөрүндө жашайсыз жана алардын эрежелерин “конок бир тууган” катары эмес, үй-бүлөнүн толук кандуу мүчөсү катары сыйлашыңыз керек.
Психолог Асель Баимбетова менен инстаграмдагы @psihologiya_kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Үй-бүлөлүк мамилелер тууралуу бул жерден дагы окусаңыз болот:
Менин көңүлүмдү калтырса мейли го, балдар чоңоюп соз түшүнүп калышты
Кайын энем ооруп калсам эле уруш чыгаргысы келе берет. Эмнеге мындай?
Бөлүнөлү десем, кайын энем ынабай жатат. Эмне кылышым керек?
Ата-энем медреседе окушумду каалашат, а мен экономист болгум келет
Ажыраша турганыбызды балдарыбызга кантип айтбыз? Психологдун кеңеши