// //

Күрөөгө коюлган үйдүн акчасын төлөп, өзүмө өткөрүп алсам болобу?

2021.01.13, 14:34
1320

Саламатсызбы! Юристин жообуна мукатажмын, жардам берип коесуздарбы.
Менин бир тууган агам үйдү күрөөгө коюп кредит алган экен. Азыр болсо төлөй албай жатат. Өзүм төлөп, үйдүн документин өткөрүп алсам болобу? Атамдан калган ыйык үйүбүз. Сураныч жооп күтөм. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
13.01.2021, 14:34

Нурислам Раимжанов

"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи

Саламатсызбы! Ооба, кредитти төлөп, үйдү алсаңыз болот. Өткөрүп алуу маселеси боюнча айтуу үчүн банк менен агаңыздын ортосунда түзүлгөн келишимди карап чыгуу керек. Көпчүлүк учурда банк кредит бүткөндөн кийин, кредит алган адамга өткөрүп берүү келишимин түзөт. 

Сиз агаңыз менен өз алдынча келишим түзсөңүз болот. Мен кредитти төлөйүн, сен мага үйдү өткөрүп бер деп. Албетте мунун бары нотариалдык түрдө, шарттардын негизинде болушу керек. Ушунун негизинде кредитти төлөп, үйдү өткөрүп алсаңыз болот. Агаңыз кредитти төлөсө, үйдү өткөрүп берем деп жоопкерчилик алат. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт