// //

Жалгыз кар күрөп жүргөнүмдү көргөн кайын энем күйөөмдү сүйрөп чыкты

2021.01.13, 14:02
5385

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет жаш келиндин катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.

Кулагымда наушник бар болчу. Эч нерсе уккан эмесмин. Бир карасам эле күйөөм кофтачан жанымда турат. Буркулдап колумдагы күрөктү алды.

- Сага эмне болду?

- Бар, үйгө кир?

- Баары жакшыбы?

- Жакшы.

- Уктап жатпадың беле?

- Сен кар күрөп жатсаң кантип уктайм.

Ачуусу келип жатканын көрүп сүйлөбөй эле коюн дедим. Бутумду күүп үйгө кирип барсам кайын энем отурат.

- Апа? Качан келдиңиз?

- Жаңы эле.

- Мен сизди көрбөдүм го.

- Байкатпай кирип кеттим.

Кайын энем коңшу айылда жашайт. Зериккенде биздикине келип-кетип турат. Качан келишин чыдамсыздык менен күтүп отурам. Анткени экөөбүз божурашып  чогуу тамак жасайбыз, чогулткан ушактарыбыз менен бөлүшөбүз, жөн жерден күйөөмө бир сыйра асылабыз (күлүп). Кайын эне деген эле аты болбосо, теңтуш курбумдай эле.

Көтөрө келген салатын ачып, дасторкон даярдадым. Чай кайнагыча деп, бир нерсе шам-шум эте койгонго жумуртка куурудум. Эмнегедир кайын энемдин маанайы жок. Сүйлөсөм “мм”,-деп эле жооп берип коет. Бүгүн апама эмне болгон?

- Апа, мага таарындыңызбы?

- Ооба.

- Эмнеге?

- Эмнеге суукта кар күрөйсүң? Ичиңдеги баланы ойлобойсуңбу? Эртең ооруп калсаң эмне болот? Азаматка (күйөөм) айтпайсыңбы!

Көрсө кеп бул жакта турбайбы. Жүрөгүм түшүп кетпедиби. Терең үшкүрүп, “ох”,-дедим.

- Апа, Азамат кечээ жумуштан чарчап келген. “Түшкө чейин уктап алайын” дегенинен, ойготпой эле өзүм кыбырап жүргөм. Өзү деле күрөбө деп айткан. Жөн отура албай койдум.

Кайын энем каткырды.

- Ай, мен аны сени иштетип коюп уктап жатыптыр деп, кофтачан сыртка сүйрөп чыкпадымбы. Тууй, эми мага катуу таарынат.

Экөөбүз эзилип калдык. Анан кайын энем күйөөмдүн сүйүктүү тамагын жасап, көңүлүн алды. Күйөөм бир-эки сааттай тултуңдап кыялын көрсөтүп жүрдү. Акыры экөөбүздүн тамашаларга чыдай албай күлүп жиберди.

Кайын энем кечке маал кетти. Кетип баратып мага “өзүңдү жакшы кара, эс алып жата бер”, күйөөмө “оор жумуш кылбасын, уктуңбу”, -деди. Жымыңдаган боюнча үйгө кирип кеттим.

Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү. Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт, макалага тиешеси жок!

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кудагыйыма “кызымды көлөкөгө баккам” десем, “мен деле күн көрсөтпөйм” деди

Күйөөмдүн кандай жол менен акча таап келгенин угуп боорум эзилди

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
А
Аноним
20.01.2021, 08:27

Бутылуу экенсин мындай кайнене чандада

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт