// //

Жашыруун нике жарактуубу? Теолог айтып берет

2019.01.15, 12:44
10525

Жашыруун нике ойноштук кылганга барабар!

Ислам жашыруун никеге турууга тыюу салат. Нике ачык болушу керек: жарыялоо, ата-эненин макулдугу, күбөлөр, махр, нике той жана башка.

Өкүнүчтүүсү, жаштарыбыз жоопкерчиликтен качып, эгер болбой калса ажырашып кетебиз деп, жашыруун нике кыйдырган учурлар көп кездешүүдө. Бул ислам мыйзамдарын бузуу, ойноштук кылуу дегендик.  

Никенин негизги максаты – дени сак мамиледе үй бүлө куруу. Тактап айтканда, жыныстык мамиледе болууну каалаган аял менен эркек расмий түрдө никеге турушу керек.

Эркек никесин жарыялоону каалабаса эмне кылуу керек?

Эркек никесин жарыялоону каалабаса, анда ал никенин чыныгы максатына каршы чыккан болуп эсептелет. Дагы бир жолу айта кетейин, никенин максаты – белгилүү жоопкерчиликтер менен бекитилген, аялы менен күйөөсүнүн мыйзамдуу мамилеси.

Жарыяланбаган нике менен ойноштуктун айрымасы жок.

Жашыруун никеде эки гана адам бар, алардын бирөөсү каалаган убакта никени бузуп кете алат, жоопкерчиликке тартылбайт. Укуктук кесепети жок мындай никеде мурас бөлүү, мыйзамдуу жубайы жана балдары экенин тастыктоо кыйынга турат, кээде мүмкүн да эмес.

Үй бүлөлүү эркек жашыруун нике кыйдырса болобу?

Коомубузда үй бүлөсү бар эркектер, биринчи аялын кабардар кылбастан, жашыруун нике кыйдырып алган учурлар көп. Бул туура эмес. Мындай аракет чыр чатакка, ажырашууга алып келет.

Ислам биринчи никени бузуп, экинчисин курууга тыюу салат.

Эркек өз чечимин биринчи аялына айтышы керек. Нике кыйып жатканда сөзсүз күбөлөр болушу зарыл. 

Айрым эркектер, биринчи аялына айтпайт, бирок күбөлөрү бар экинчи нике кыйдырып алат. Мындай нике жарактуу болгону менен, кийин биринчи аялы билип калса, аягы жакшы бүтпөйт.

Экинчи аял алууга жүйөөлүү себеп болушу керек

Эркек экинчи, үчүнчү же төртүнчү аял алганга укугу бар. Бирок, баарыбыз никенин негизги максатын унутуп коюп жатабыз: кудайдан коркуу, бардык аялдарына адилеттүү мамиле кылуу.

Жыныстык катнашка барыш үчүн кыйылган нике – нике эмес арам нерсе.  

Көп аял алуу исламда эреже эмес, тескерисинче, белгилүү бир себептен улам эрежеден четтөө болуп саналат. Мисалы, аял төрөй албаса, күйөөсүнө экинчи аял алууга уруксат берет (мындай учурда аялы уруксат бербесе да эркек үйлөнө алат). Эркек болсо биринчи никесин бузбай, экинчисин курат. 

Өкүнүчтүүсү муну баары эле түшүнө бербейт. Мисалы, улгайган эркек жаш кызды көрүп үйлөнгүсү келет, бул жерде никенин максаты белгилүү. Айрым эркектер болсо жыныстык кызыкчылыгын канаттандыруу үчүн көп аялдуулукту колдонушат.

Жаш кыздын башын айланткан байкелер көп

Бүгүнкү күндө жаш кыздын башын айланткан байкелер көп. Мындай мамилеге кыздын коргоочусу болгон үй бүлөсү каршы чыгат. Андыктан, нике куруп жатканда теңдик болушу абзел: диний, рухий, социалдык.

Жогорку билимдүү кыз менен билими жок жигит үйлөнүп алса, үй бүлө бекем болбойт. Мындай учурда, маселе сезимдери менен ойлонгон жаштар эмес, ата-эне тарабынан чечилет.

Нике жарактуу болбойт:

  • эки тарап макул болбосо,
  • аял менен эркек мусулман болбосо,
  • же эркек мусулман болбосо,
  • жаш курактары жете элек болсо,
  • махр болбосо,
  • акыл – эси жайында болбосо,
  • күбөлөр болбосо,
  • расмий түрдө катталбаса.

Кеңеш

Жаштарга айтаарым, сөзсүз ата-энеңердин батасын алгыла. Кийин бир нерсе болсоңор, кайра эле алардын алдына барасыңар. Эгерде жашыруун никеде жашап жатсаңар, жакындарыңарга айтып, чакан той кылып, никеңерди ЖААКта (ЗАГС) каттагыла!

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт