// //

Кызыл СССР паспортун кантип алмаштырам?

2021.01.12, 15:45
902

Саламатсызбы! Кызыл СССР паспортун кантип алмаштырам? Жол-жоболорун айтып коесузбу. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
12.01.2021, 15:52

Бакай Алишеров

КР Мамлекеттик каттоо кызматынын Уюштуруу-коммуникация иштери бөлүмүнүн жетектөөчү адиси

Саламатсызбы! Кыргыз Республикасынын жаранынын 1974-жылкы үлгүдөгү  паспортун идентификациялык картага алмаштыруу үчүн зарыл болгон документтер тизмеси:

  • Алмаштырылууга тийиш болгон паспорт;
  • ПИН (ПВКИБ);
  • Туулгандыгы тууралуу күбөлүгү;
  • Никелешүү, никесин бузуу тууралуу күбөлүк (жолдошу (жубайы) каза болгон учурда өлгөндүгү тууралуу күбөлүк):
  • Соттолбогондугу тууралуу маалымкат;
  • Жашаган жеринен алынган маалымкат/работы;
  • 3 кошунасынан алынган акт;
  • Өмүр баяны;
  • Түшүнүк кат;
  • Жарандыгын аныктоого берилген арыз;
  • Жарандыкты аныктоого карата мамлекеттик алымдын төлөнгөндүгү жөнүндө дүмүрчөк;
  • Төлөнгөндүгү жөнүндө дүмүрчөк.

Төмөнкүлөр ордунан жүргүзүлөт:

  • Электрондук анкета-арыз;
  • Электрондук фотосүрөт;
  • Жарандыгын аныктоо жөнүндө арыз берүү.

Жогоруда көрсөтүлгөн документтер топтолгондон кийин арыз берүүчүнүн КР жарандыгына тиешелүүлүгү тууралуу корутунду чыгарылат.

Мамлекеттик каттоо кызматынын бирдиктүү ишеним телефону: 0312 62 41 40; же 119 кыска номерине чалып кошумча маалымат алсаңыз болот.

Ийгилик!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт