// //

Процентке алган акчаны төлөй албай калдым, эмне кылсам болот?

2021.01.11, 11:24
2541

Юристен жооп алып бергилечи. Бирөөлөрдөн тил катсыз, күрөөсүз эле процентке акча алгам. Өлкөдөгү шартка байланыштуу бизнесим токтоп калды. Мурун акчанын процентин берип келгем, ишим токтогондон бери акча бере элекмин. Алар мени сотко беребиз деп жатышат, сот кандай чара көрөт?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
11.01.2021, 11:28

Нурислам Раимжанов

"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи

Саламатсызбы! Абалыңыз оор экен. Негизи процентке көп суммадагы акча тил кат же кандайдыр бир күрөө менен берилет. Бирок сиз ансыз алыпсыз. Эгер сотко беришсе, канча сом төлөгөнүңүздү жана бүгүнкү күндө канча сом карыз экендигиңизди түшүндүрмө бериңиз. Мисалы, 500 миң сом алган болсоңуз, процентин кошпогондо канчасын төлөп бүткөндүгуңүздү эсептеп бериңиз. Сизге сунушум адвокат жалдаңыз. Ага баарын түшүндүрүп айтып бериңиз. Алдын ала сот кандай чара көрөөрүн айтыш кыйын. 

Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигинин Калкка акысыз консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү боюнча борборлору бар. Ошол жака дарегиңиз боюнча кайрылып, бекер юридикалык жардам алсаңыз болот. 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт