Жер үлүшүнө салык жана "соц.фонд" деп акча төлөш керекпи?
2021.01.11, 11:15
1312
Жер үлүшүнө салык жана соц.фонд деп акча төлөш керекпи? Салыкты жылына калтырбай төлөйбүз. Быйыл 1996-жылдан бери төлөнө элек деп 13700 сом чыгып келиптир. Жер кайын атамдын наамында, пенсионер. Бул мыйзамдуубу?
Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
11.01.2021, 11:16
Нурислам Раимжанов
"Справедливость" укук коргоо уюмунун юристи
Кутман күнүңүз менен!
Ооба, жер үлүшү үчүн салыкты айыл өкмөтүнө төлөйсүз. Эгер жылда төлөп келген болсоңуздар дүмүрчөктөрдү (квитанция) алып алып айыл өкмөтүнө кайрылыңыз.
Кайын атаңыз пенсионер болсо, салыктан бошотуу үчүн арыз менен кайрылса болот.
0
Пайдалуу жооп