// //

33 жаштамын, туулгандыгым тууралуу күбөлүгүм жок

2021.01.11, 10:46
1307

Саламатсызбы! Мен 33 жаштамын. Ата-энем кичинемде каза болуп калышкан. Менин туулгандыгым жөнүндө эч кандай документ жок. Туулгандыгым жөнүндө күбөлүк кантип алсам болот? Паспортум дагы жок. Кеңешиңизге муктажмын.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
11.01.2021, 10:54

Бакай Алишеров

КР Мамлекеттик каттоо кызматынын Уюштуруу-коммуникация иштери бөлүмүнүн жетектөөчү адиси

Саламатсызбы! Биринчиден, туулгандыгыңызды каттоо жүргүзүлгөнбү аныктоо керек. Эгер жүргүзүлсө, кайталап күбөлүк алаласыз. Төрөт үйүнөн  туулгандыгыңыз жөнүндө маалымкат алып келсеңиз, социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын (УСР) өтүнүч катынын негизинде каттоо жүргүзүлөт. Медициналык маалымкат жок болсо, туулгандыгыңыз жөнүндө факты аныктоо үчүн сотко кайрылуу керек болот. 

Мындан кийин сиз кайрадан туулгандыгыңыз тууралуу күбөлүк алаласыз, анан паспорт үчүн документтер топтомун чогулта баштайсыз, ал үчүн калкты тейлөө борборуна же паспорттук столго кайрылсаңыз болот.

Идентификациялык картаны өз маалында документтештирбей калган учурда, төмөнкү документтер топтомун чогултасыз:

- Туулгандыгы тууралуу күбөлүгү;
- ПИН ;
- Ата-энесинин паспорттору;
- Жашаган жери боюнча каттоосу;
- Жашаган жеринен алынган маалымкат;
- Өмүр баяны;
- Түшүнүк кат.

Ал эми бул документтер паспорттук столдон жүргүзүлөт:

- Электрондук анкета-арыз;
- Электрондук фотосүрөт;
- Жарандыгын аныктоого берилген арыз.

Жогоруда көрсөтүлгөн документтер топтолгондон кийин арыз берүүчүнүн КР жарандыгына тиешелүүлүгү тууралуу корутунду чыгарылат.

- Окуган/иштеген жеринен алынган маалымкат//аттестат;
- КР ИИМинен алынган соттолбогондугу жөнүндө маалымкат;
- 3 кошунасынан алынган акт;
- Жарандыкты аныктоого карата мамлекеттик алымдын төлөнгөндүгү жөнүндө дүмүрчөк;
- Төлөнгөндүгү жөнүндө дүмүрчөк.

Мамлекеттик каттоо кызматынын бирдиктүү ишеним телефону: 0312 62 41 40; же 119 кыска номерине чалып кошумча маалымат алсаңыз болот.

Ийгилик!

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт