Аялыма арзан алтын алып бергенден уялам
Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет күйөөнүн катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз.
- Бул канча?
- 18 900 сом, байке.
- “Таак”, а мунусучу?
- Ал кымбаттыраак болуп калат, байке.
- Канча?
- Ал сөйкө 56 700 сом.
- Мага ушунусун бер.
Сатуучу кыз шыпылдап коробкасына салып, жакшынакай кылып ороп бере салды. Кудуңдап көтөрүп алып үйгө жөнөдүм.
Аялыма белек берген жагат. Кутусун ачкыча жаш баладай шаштысы кетет. Ичиндегисин көрүп алып секирсе, ага кошулуп секиргиң келет. Алып берген көйнөгүмдү кийип алып жанымда суйкайып басса, ушундай өзүм менен сыймыктанам. “Бул менин аялым”,-деп, бүт дүйнөгө бакыргым келет.
“Тапканыңдын баарын белекке коротосуң!” Досторум ушинтип жактырышпайт. Акчамды бекитип алып эмне кылам, туурабы? Мен акча жетпесе үнөмдөш керек деген адамдардан эмесмин. Жетпей жатат, демек, дагы табыш керек деп ойлойм, башка каржы булактарын издей баштайм. Ушул жашка келип бир дагы жолу кредит алган жокмун. Башты иштетип, жалкоолукту сыртка бир тээп чыксаң эле болду экен. Анан дагы эч качан бирөөнүн күнөөлөбөш керек, баары өзүбүздөн көз каранды деген принципти карманам.
Аялыма арзан нерсе алып бергим келбейт. Анткени, ага бир буюм сатып алып жатканда биринчи өзүмдү ойлойм. Мисалы, духи берсем себинет, анан мен жыттайм. Туурабы? Туура. Эгер арзанын сатып алып койсом, өзүмө эле жаман. Сүйгөн адамым эң жакшыга татыктуу болуш керек! Эгер ага баалуу белек алып бергенге күчүм жетпесе, менин сүйгөнүм кандай. Сөз менен айтканды эмес, иш менен далилдегенди жактырам.
Бүгүн туулган күнү. Сөйкө алдым. Азыр үйгө барып берсем аябай сүйүнөт. Ошол эмоциясын көрүш үчүн баарына даярмын. Баса, апасына белек берип жатканда ар дайым уулум карап турат. Кечээ чогултуп жүргөн акчасын колума карматып, “ата, апама 100 роза ал кел”,- деди. Өзү болгону беште. Менин ууулум!
Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү. Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт, макалага тиешеси жок!
Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:
Кудагыйыма “кызымды көлөкөгө баккам” десем, “мен деле күн көрсөтпөйм” деди
Күйөөмдүн кандай жол менен акча таап келгенин угуп боорум эзилди