// //

Кытайдан билим алуунун бир жолу

2019.01.15, 10:33
1697

Салам окурман! Кытайга барып окууну кыялданасыңбы? Анда Bilesinbi.kg кытайга кетүүнүн дагы бир жолу жөнүндө айтып берет. 

Мээрим Есенбекова 1998-жылы Кемин районуна караштуу Орловка шаарчасында туулган. Беш бир туугандын кичүүсү. Кичинесинен Кытай Эл Республикасынан окууну кыялданчу. Учурда Кытайдын Фучжоу шаарындагы Политехникалык колледжде окуйт. Кантип бул колледжде окуп калганын өзү айтып берсин. 

Мээрим, кантип Кытайда окуп калдың? 

Мен Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз-кытай факультетине тапшыргам. Биздин университетке “edugrant.kg” тилдик курсу келген. Алар тилди терең үйрөтүү 1 жылдык курсуна жибере турганын айтып калышты. Коюлган талаптардын негизгиси - HSK тин 3-деңгээлин далилдеген сертификат болуш керек экен. Жыйынтыгында, Кыргызстандан жыйырмага жакын студент окууга тапшырдык. 

Сен окуган колледждин билим берүү ыкмасы кандай экен? 

Эртең мененки 8:00дон кечки 21:00го чейин окуган күндөр болот. Бул күндөрү түшкү тамактан кийин 1-2 саат эс алып, кайра окууну улантабыз. Билим берүү биздикине эле окшош десем болот, болгону бул жакта бүт жаңы технологиялар. Сабактарга аябай маани беришет. Башка өлкөдөн келгенибизге байланыштуу кытай тилине көбүрөөк басым жасап үйрөтүшөт.

Биз студенттик жатаканага кечке маал уктаганы эле барабыз. Кытайдын түштүгүндө болгондуктан бул жакта кар жаабайт, бирок кээде суук эле болот. Кызыгы жатаканалары жылытылбайт.

Кытайдын студенттик ашканасына көнүп калдыңбы? 

Кытайдын түштүгүндө тамактары өтө ачуу эмес.  Студенттик ашкананын тамактары арзан. Порциялары абдан чоң. Көбүнчө күрүч жейбиз, кошумча жемиш же эттен коштуруп алсаң болот. Мусулман студенттерге арналган ашканасы дагы бар.

Дүкөндөрүнөн колбаса менен сырды эч таба албайсың, бирок сосискалар бар. Кытайлар өзүнөн чыккан продукцияны аябай баалап, колдоп турушат. Башка өлкөдөн чыккан продукциянын сатылганын эч көрбөйсүң. Мүмкүн болушунча өзүнөн чыккан товарларды колдонушат жана алардын сапаттары жогору. 

Кытайга барганда кандай кыйынчылыктарга туш болдуң?

Өтө деле кыйналдым деп айта албайм. Ата-энеңди, бир туугандарыңды, досторуңду сагынып кичине кыйналасың. Тамагына көнүп кеткенден кийин кыйналбай деле каласың. Келген студенттердин баардыгы климатынан бир аз кыйналбаса калганынын баары жакшы.

Кытайдан билим алгысы келгендерге кандай сунуш айтасың? 

Кытайга келип окуу үчүн мүмкүнчүлүктөр абдан көп. Башкысы кытай тилин терең өздөштүрүү зарыл. Тилди канчалык деңгээлде билериңди далилдеген HSK тестин сөзсүз түрдө тапшырып туруу керек. Баардык студенттерге ийгилик каалайм! 

Чоң рахмат. Окууңа ийгилик!

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт