// //

Германиядан кантип жумуш тапса болот?

2018.02.20, 15:38
12075

Германиянын жумуш менен камсыздоо федералдык агенттиги Германиянын жумуш берүүчү эң чоң мекемеси. Агентиктин https://www.arbeitsagentur.de/ сайтынан өзүңүзгө ылайыктуу келген жумуш орундарын тапсаңыз болот. Издөө системасы немец, англис жана француз тилдеринде жеткиликтүү. Http://jobboerse.arbeitsagentur.de бул шилтемедеги сунуштардын көбү немец тилинде берилет. Жумушка орноштуруу агентигинин “Германияда жасоо” сайтынан www.make-it-in-germany.com/en/making-it/job-listings бош орундар, кайсы кесип ээлери жетишсиз экенин билип алууга мүмкүн. www.make-it-in-germany.com/hotline шилтемеси аркылуу сайтка кирсеңиз жумушка орноштуруу федерациясынын миграция кызматынын адистери англис жана немец тилинде бекер кеңештерди беришет. Ошондой эле англис жана немец тилин жакшы билсеңиз +49 30 1815 – 1111 эл аралык номуру аркылуу байланышып, вакансиялар жөнүндө маалымат алсаңыз болот.

EURES-Европалык жумушка орноштуруу агентиги. Европадан жумуш издегендерге кеңеш берип, ылайыктуу иш таап беришет. EURES интернет порталында https://ec.europa.eu/eures 31 мамлекеттин жумуш берүүчүлөрү катталган. Портал 25 тилде жеткиликтүү. EURES ар бир жылдын жаз жана күз мезгилдеринде, жумуштар жөнүндө маалымат берүүчү иштерди жүргүзүшөт. Бул туралуу өздүк сайтынан жана фейсбук баракчасынан окуй аласыздар.

Эгерде сиз Германияда болсоңуз, газетадан, калкты жумушка орноштуруу жергиликтүү агенттиктеринен www.make-it-in-germany.com, Германиянын ар бир шаарында жайгашкан жумушка орноштуруу федералдык агенттиктеринен тапсаңыз болот.

ZAV- Германиянын жумуш базарынын кабар берген эл аралык жайгаштаруу кызматы. Кызматтын интернет сайты http://www.bmz.de/en/ministry/approaches/bilateral_development_

cooperation/players/selection/zav/index.html.

Ошондой эле Германияда жашаган же иштеп, окуган тааныштарыңызга кайрылсаңыз, жардам беришет.

Германияда иштөө үчүн виза алуу керекпи?

Исландия, Лихтенштейн, Норвегия жана Швейцария, Австралия, Израил, Япония, Канада, Корея, Жаңы Зеландия, АКШ мамлекетинин жарандарына Германияга келүү үчүн виза кереги жок. Болгону алар мамлекетте келгенден кийин жашоого уруксат берген кагаз алуу үчүн арыз жазышат. Калган өлкөлөрдүн жарандары жашаган жеринин Германия элчилигине кайрылып, Германияга келүү максатынын себебине жараша виза алат.

Кененирээк маалыматты Гермениянын Бишкектеги элчилигинен https://bischkek.diplo.de/ алсаңыз болот.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
А
Аноним
18.11.2019, 14:21

Мен Германияга барып иштегим келип жатат кайжактан толук малымат алам 

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт