Бир ай мурун боюмдан түшүп калды. Эми аз-аздан кан келип жатат
Мен 20 жаштамын. Күйөөгө тийгениме үч ай болду. Бир айлык боюмда бар эле, бир ай мурун түшүп калды. Дары ичип, укол алгам. Дарыгер маткам таза экенин, сактанбай эле коюу керектигин айткан. Кечээ күнү бир аз кан тамчылап кайра токтоп калды. Дарыгерге барсам, текшербей эле мен ичкен дарынын кесепети деп койду. Ошондой болушу мүмкүнбү? Этек кирим ушул айдын ондорунда келиш керек. Эгерде кайра боюмда болгон болсо, ушинтип аз-аздан кан келе береби? Күйөөгө тие электе этек кирим убагы менен келчү.
Жамиля Сагинова
Гинеколог-эндокринолог
Саламатсызбы! Өзүнөн-өзү бойдон түшкөндөн же тоңуп калган кош бойлуулук болгондон кийин айым калыбына келип, себебин билип жана ден-соолугун чыңдоосу үчүн кеминде 3-6 ай коргонуу сунушталат.
Бойдон түшкөндөн кийин сиз айтып жаткандай кан агуулар болбошу керек. Балким, экинчи ирет кош бойлуулук болгон жана дагы токтоп калуу коркунучу бар, же боюңуздан түшүп калгандан кийин калдыгы же кан топтолуп калышы мүмкүн. Сиз муну аныкташыңыз керек. Бул үчүн тезинен гинекологго кайрылыңыз.
Ден соолукта болуңуз!
Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.