// //

Чет өлкөлүк досум кыргыз жарандыгын кантип алса болот?

2021.01.06, 16:50
1182

Саламатсызбы! Чет өлкөнүн жараны кыргыз жарандыгын алуу үчүн эмне кылыш керек? Чет өлкөлүк досум алгысы келип жүрөт. Кайда кайрылат? Кандай документ чогултат жана канча сом болот айта аласызбы?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
06.01.2021, 16:55

Бакай Алишеров

КР Мамлекеттик каттоо кызматынын Уюштуруу-коммуникация иштери бөлүмүнүн жетектөөчү адиси

Саламатсызбы! Кыргызстандын жарандыгын алуу үчүн төмөнкү документтерди чогултасыз:

  1. Чет өлкөлүк паспорт;
  2. Арыз берүүчүнүн КР жарандыгына кабыл алынгандыгы же калыбына келтирилгендиги жөнүндө маалымкат – базада маалымат жок болгон учурда;
  3. Туулгандыгы тууралуу күбөлүгү - базада маалымат жок болгон учурда;
  4. Никелешүүсү же никесин бузгандыгы жөнүндө күбөлүк - базада маалымат жок болгон учурда.

Милдеттүү түрдө керектелүүчү документтер: 

  1. Жеке идентификациялык номер (ПИН);
  2. АИС “АСБ”да даректин каттоосу, АИС “ АСБ”да дарек катталбаган болсо, арыз ээсинин жашаган же катталган жерине карабастан ПВжКИБке тийиштүү турак-жай имаратына карата документтер – тех.паспорт, соода-сатык келишими же башка укуктарды белгилөөчү документтер: турак-жай ээсинин макулдугу, паспорту (турак-жай ээсинин катышуусу же нотариалдык макулдугу) менен кайрылуу керек.
  3. Аскерге милдеттүүлөр үчүн- РВК каттоосу;
  4. Төлөнгөндүгү жөнүндө дүмүрчөк;
  5. Арыз ээсинин фотосүрөтү (документтерди тапшыруу убагында ордунан жасалат, башка жактан жасалган сүрөттөр кабыл алынбайт);
  6. Үй-бүлөлүк абалын аныктоо үчүн: никелешүү/никесин бузгандыгы тууралуу күбөлүк/ күйөөсүнүн (аялынын) өлүмү тууралуу күбөлүк - маалымат базасында жок болсо.

Учурда Кыргызстанда болсо жана убактылуу каттоодо кайсы райондо турса, ошол райондун паспорт бөлүмүнө кайрылса кененирээк маалымат беришет. Ошондой эле 119 колл-борборуна чалса болот.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт