// //

Операциядан чыксам кыздарым эмес жек көргөн келиним тосуп алды

2021.01.03, 14:29
28263

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет кайын эненин катын жарыялайбыз. Эгер сизде дагы кызыктуу баян бар болсо, бизге жөнөтүңүз. 

Мени кечир! Колумду кое бер, жетелебе! Жыгылып кулаганым жакшы. Жок, “апалап” чай сунба! Муздак суу жетет. Оорусам жылуулап жууркан жаппа!  Мен сенин сыйыңа татыксыз кайын энемин!

Телефонумду төшүмө кучактап алып ыйлап жаттым. Медайым үнсүз тиктеп турду.

“Келин кыз болбойт”,-деп көп айтам. Кылган ишинен кымтык таап, балам экөө эркелешип сүйлөшүп калса мурдумду чүйрүм. Кийген кийимине чейин асылып, кээде духисинин жыты жакпай жатканын айтып чыгып кетем. Жок жерден уруш чыгарып, ыйлап отурса мыйыгыман жылмаям. Башка кайын энелерге окшоп келинимди той-топурга ээрчитип албай, соксойуп жалгыз барам.

Эки кызым бар. Күн сайын аларга чалып даттанам. Жок кылыктарын ойлоп таап жаман көрсөтөм. Бир-эки жолу чакырттып, уруштурганыма эмне дейсиңер. Анда дагы унчукпай чыдап жүрдү.

Кыш. Базардан чыгып келатып тайып кеттим. Турайын десем бир нерсе “кырс” эле дей түштү, анан бутум шишип чыкты. Корконумдан бакырып кирдим. Ошол жердеги сатуучулар тез жардам чакырып беришти. “Открытый перелом.” Операция кылыш керек.” Дарыгер медайымдарга буйрук берди. Мени операция залына сүйрөп жөнөштү. Кыздарыма чалдым. Андан кийин күйөөмө анан уулума чалдым. Келиниме айткан жокмун.

Наркоздон кийин көзүмдү ачсам маңдайымда келиним отурат. “Апа, жакшысызбы?” Суу берип, теримди аарчыды. Уулум менен кыздарым кайда экенин сурадым.

- Эки эжеме чалсам албай коюшту, Жакшылык (балам) жаңы эле жумушуна кетти. Түнү менен экөөбүз жаныңызда болдук.

- Атаң кайда?

- Үйдө, малга чөп салганы кетти.

- Уктаган жоксуңбу?

- Жок. Сизди ойгонуп калабы деп күтүп отурдум.

- Тур, уктап ал, мен жакшы.

- Жок, апа, мен азыр врачты чакырып келейин.

Кечке маал эки кызым чалды. “Апа, жакшы болуп калыпсыз, барбай эле коелу. Бүгүн аяштарыбыз менен отуруштарыбыз бар эле. Макул кийин сүйлөшөбүз.” Телефонумду төшүмө кучактап алып ыйладым.

Бүгүн үйгө чыгам. Бир айдан бери бейтапканада жата берип тажадым. Балдак таянып алып сыртка чыксам келиним турат. Чуркап келип жетелеп жөнөдү. Биринчи жолу, “кызым” дедим.

Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү. Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт, макалага тиешеси жок!

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кудагыйыма “кызымды көлөкөгө баккам” десем, “мен деле күн көрсөтпөйм” деди

Күйөөмдүн кандай жол менен акча таап келгенин угуп боорум эзилди

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт