// //

Эмне үчүн аялдардын укугу корголсо баарына жакшы болот?

2020.12.30, 12:20
2340

Эмне үчүн аялдын укугу корголсо баарына жакшы болот? Мамлекетке, коомго жана үй-бүлөсүнө кандай пайда алып келет? Бул суроого аялдарды колдоо борбору коомдук бирикмесинин аткаруучу директору Бакен Досалиева жооп берет.

 

Үй-бүлө үчүн кандай пайда?

Мыйзам боюнча балдарды тарбиялоо милдети атага жана энеге бирдей жүктөлгөн. Бирок, акыркы 10-15 жылдарда көбүрөөк жоопкерчилик эненин мойнуна артылып келет. Ошол эле учурда ата менен баланын ортосундагы ажырым чоңоюп баратат. Бул мамлекет үчүн өтө коркунучтуу нерсе.

Аялдар материалдык жактан камсыз болбогондуктан аргасыз базарга чыгып, миграцияга кетип жатат. Бул аракеттеринин максаты балдарды багуу, үй-бүлөнүн стабилдүүлүгүн сактоо болуп эсептелет. Эгер аялдардын укугу корголуп, алар үчүн мыкты шарт түзүлсө, үй-бүлөдөгү климат оңолот. Ажырашуу жана зомбулук сыяктуу терс көрүнүштөр жоюлуп, бала менен эне чогуу болот.

Дүйнөлүк изилдөөлөр боюнча, аял өзүнүн тапкан-ташыганынын 95 пайызын балдары жана үй-бүлөсү үчүн жумшайт экен. Бул аял үй-бүлөсүнө көбүрөөк кам көрөт дегенди түшүндүрөт.

Коом үчүн кандай пайда?

Коом үчүн аялдар зор күч болуп эсептелет. Аялдар катышпаган бир дагы тармак жок. Жөнөкөй эле нерсени алсак, тууган-уруктун ортосундагы мамиле, жакшылык-жамандык аялзатсыз тейленбейт. Өзүңөр билесиңер, айылбы же шаарбы, айырмасы жок, чоң деңгээлдеги иш-чаралар аялдардын катышуусуз өтпөйт.

Аялзаты социалдык маселерди жакшы түшүнүшөт, чечүү жолдорун мыкты билишет. Ошондуктан кары-картаңдардын, балдардын, ден-соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын көйгөйүн чечүү боюнча мыкты сунуштарды айта алышат. Айтып гана тим болбостон, аны чечип, калыбына келтирүүгө чоң салым кошо алат.

Аялдардын пикири менен эсептешүү керек.

Мамлекет үчүн кандай пайда?

Аялдар саясатта дагы орун алып, чечим чыгаруу процессине катышканы туура болот. Айталы, айылдык кеңештерде, айыл өкмөтүндө, шаардык кеңештерде, жогорку кеңештерде жана өкмөттүн курымында болушу керек.  Бизде бул тармактарда аялдар азыраак, көбүнчөсү административдик деңгээлде гана иштеп калышат. Көп учурда алардын сунуш пикири эске алынбайт.

Аялдар мыйзам чыгарууга катышпаган учурда балдардын, карылардын, билим жана ден соолук тармагынын маселелери көп каралбай келет. Аялдардын бардык деңгээлде үнү угулуп, укугу корголуп турушу керек. Ошондо, коррупция дагы жакшы өрчүмөк эмес.

Анткени аялдар биринчи кезекте мамлекеттин кызыкчылыгын ойлоп, балдарынын келечигин эске алуу менен туура мамиле кылмак деп ойлойм.

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт, интернеттен алынды! 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт