// //

Он бир жаштагы балама күйөөгө тийип жатам десем, жообу таң калтырды

2020.12.27, 14:38
14888

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир айымдын катын жарыялайбыз. Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү. Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт, макалага тиешеси жок!

Эс тарткандан бери бирөөлөрдүн оюу менен жашадым. Кайда бас десе, ошол жакка басам, отур десе отурам, тур десе турам. “Эл эмне дейт”, ар бир аракетим ушул суроо менен ишке ашат. Бир дагы жолу жүрөгүмдү укпадым, өзүмдүн каалоолорумду биринчи орунга койбодум.  

Жадакалса, кыялымдагы кесип ээси болууга каршы чыгышты. Жактырбаган факультетимде беш жыл окудум. Бүткүчө эзилип кеттим. Анан жашым келип калганын айтып, ар ким менен тааныштыра башташты. Бул жерде дагы “Эл эмне дейт” деген нерсе жеңип чыкты, сүйбөгөн адамга турмушка чыктым.

Кол көтөрө баштады. Ата-энеме барсам, башында баары ошондой болорун айтты. Колумдагы көктү жашырып, жүзүмө жалган күлкү чаптадым. “Күйөөм мыкты”,- деп мактандым. Кечинде жаздык кучактап ыйладым. Акыры төрт жашар балам менен көчөгө айдалдым.

Балам башкача акылдуу. Эс тарткандан бери ыйлаганын көргөн жокмун. Атасына эч тартылбай койду. Иш кылып жатсам акырын жаныма келип, колумдагы көк такты өөп чуркап кетчү. “Энесинин баласы”,-деп күйөөм дагы жактырбайт эле. Ишенесиңерби, бир дагы жолу “ата”,-деп айткан жок. Эмнегедир күйөөм балама жакындай албайт. Баламдын бир көз карашы аны токтотуп койчу. Күбүрөнүп алып сыртка чыгып кетет.

“Апа, эми өзүбүз каалагандай жашайбызбы?” Аялдамада автобус күтүп отурганбыз. Уулумдун бул сөзү көзүмдү ачты. “Ооба, балам, эми өзүбүз каалагандай жашайбыз”,-дедим дагы, ата-энемдикине бара турган маршруткага эмес, башканы токтоттум.  

Андан кийин башымдан өткөргөн азаптарды айтпасам деле түшүнсөңөр керек. Бир кара бөлкөнү эки жумага жеткирген далай күндөр өттү. Балама берген сөзүм гана мага күч-кубат берип турду. Анын алдында уят болгум келбеди. Анан дагы бирөөнү эмес, жүрөгүмдү укканды үйрөнө баштадым.

Андан бери жети жыл өттү. Күйөөмдү ошондон бери башка көргөн жокмун. Ата-энем дагы өзгөрдү. Шаардагы батириме келген сайын сүйүнүп кетишет. Аларды эбак кечиргем. Кайра тескерисине боорум ооруйт, анткени “Эл эмне дейттин” курмандыктары.

Экинчи сүйбөйм деген менен могу жүрөк укпады. Аны күн сайын көргүм келет. Тынбай эле эркелете берсе дейм. Кучактаса өзүмдү коопсуздукта сезем. Баарынан дагы кам көргөнү жагат. Күрмөсүн кийгизип, шарфын ороп койсо, ушунчалык жүрөгүм жылыйт, өзүмдү кичинекей кыз сезем. "Мен жаныңдамын, эмне иш кылбагын колдойм, бул нерсени унутпа",-ушул сөзү  жүрөгүмдү толук багынтты. 

Колумду сурап балам менен таанышкысы келгенин айтты. Мамилебизди көптөн бери жашырып жүргөм. Уулум дагы бой жетип калды. Кандай кабыл алат деп бушайманмын.

- Балам, менин сага айта турган бир сөзүм бар эле.

- Угуп жатам апа.

- Күйөөгө тие берсем болобу?

- Апа, эмне үчүн менден сурап жатасың?

- Анткени, сен менин баламсың?

- Ооба, мен сиздин балаңызмын, жөн гана балаңызмын. Жашооңузду мен тескебейм. Эмне кылсаңыз, ошону кылыңыз. Кандай болгон күндө дагы мен сизди жакшы көрөм.

Болгону он бир жашта. Мынча акылдуу. Өзүмдү кармай албай ыйлап жибердим. Катуу кучактап, “сиз бактылуу болууга татыктуусуз”,-деп кулагыма шыбырады.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кудагыйыма “кызымды көлөкөгө баккам” десем, “мен деле күн көрсөтпөйм” деди

Күйөөмдүн кандай жол менен акча таап келгенин угуп боорум эзилди

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт