// //

Жыныс мүчөcүн чоңойткусу келген эркектер үчүн кызыктуу маалымат

2020.12.26, 19:00
5300

Жыныс мүчөнү кантип чоңойтсо болот? Интернеттеги жарнамаланган гелдер жардам береби? Натыйжасы канча убакыттка жетет? Бул жана башка суроолорго адистер жооп берет. 

Бакыт Өмүрзаков, пластикалык хирург

Жыныс мүчөнү чоңойтуунун эң тез жолу - бул пластикалык операция. Эки түрү бар:

  1. Өлчөмүнүн чоңойтуу.
  2. Узундугун чоңойтуу.

Теринин астына гиалурон кислотасын саюу же липофилинг жасоо менен өлчөмү чоңойтулат.

Липофилинг - бул процедура ооруканада калууну талап кылбайт. Хирург бейтаптын майынын бир бөлүгүн алып, жыныс мүчөсүнүн терисинин астына саят. Майды курсактан, жамбаштан же белден алат. Ошентип, жыныс мүчөсүнүн жоондугу чоңоет. Операция учурунда жергиликтүү анестезия колдонулат. Болгону, шишик тарагыча бир нече күн жыныстык катнаштан баш тартуу керек. Андан кийин бейтап кадимки жашоосун уланта берет. Липофиллингден кийин калган натыйжа өмүр бою сакталат.

Гиалурон кислотасын колдонуп жасалган операциянын натыйжасы бир жарым жылга созулат. Андан кийин, эгерде бейтап дагы кааласа, процедураны кайталоого болот. Калган операция липофиллингге окшош.

Жыныс мүчөнү узартуу үчүн, байламтанын асты кесилет. Процедура жергиликтүү анестезия астында өтөт. Белгилей кетүүчү нерсе, максимум - 3 см узартса болот.

Кайрат Чорчоев, жогорку категориядагы дарыгер, уролог-андролог 

Эч кандай гельдер, кремдер жана көнүгүүлөр жыныс мүчөсүн чоңойтууга жардам бербейт. Себеби жыныс мүчөдө таасир эте турган булчуңдар жок, ал жөн гана кан тамырлардан турат. Ошондуктан бүгүнкү күндө пластикалык хирургиядан башка натыйжалуу ыкмалар жок. Интернетте жарнамаланган нерселер - жөн гана жарнама.

Ильдар Акбутин, психолог

Эркектин жыныс мүчөсүн чоңойтууга умтулуусу, конструктивдүү түшүнүүдөн (чынында эле көйгөй бар) же комплекстен келип чыгышы мүмкүн. Комплекстер ар кандай куракта пайда болушу мүмкүн, муну жакшылап изилдөө керек. Көбүнчө бардык көйгөйлөр бала кезден келип чыгат. Мисалы, кимдир-бирөө анын жыныс мүчөсү жөнүндө жагымсыз сөз сүйлөсө же анын намысына катуу тийген болсо, анда бул келечекте комплекстерди жаратышы мүмкүн. Жыйынтыгында жыныс мүчөсүнүн көлөмүн өзүнүн бактысы менен байланыштырат. Ал ушинтип аялдар арасында ийгиликке жетип, үй-бүлөлүк жашоодо бактылуу болом деп ишене баштайт. 

Бул маалымат kaktus.media сайтынан алынды.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт