// //

Өспүрүмдөрдүн гормону тууралуу эмнелерди билүү керек

2020.12.25, 14:58
3224

Өспүрүм гормону деген эмне? Алар эмне үчүн керек? Организмге кандай таасир берет? Эндокринолог Чолпон Муратова бул тууралуу кененирээк айтып берет.

Өспүрүм гормондору деген эмне?

Өспүрүм гормондору - физикалык өсүүгө жана жыныстык өнүгүүгө жардам бере турган химиялык заттар. Бул заттар денеңизди ээлеп алганда, эмоцияларыңыз, маанайыңыз жана сексуалдык сезимдериңиз алда канча күчтүү боло баштаганын байкайсыз.

Канча жаштан баштап бөлүнүп чыгат?

Балдар менен кыздардын гормондору ар башка болот. Кыздарда эстроген, эркектерден тестостерон бөлүнүп чыгат. Жыныстык жетилүү адатта кыздар үчүн 11 жаштан 13 жашка чейин, эркек балдар үчүн 12 жаштан 15 жашка чейин башталат. Бирок, кээ бир адамдар эртерээк, айрымдары болсо кеч жетилет. Андыктан, баары индивидуалдуу болуп саналат. Баса, өспүрүм гормондору денеге жана акылга гана эмес, жүрүм-турумга дагы таасир эте баштайт.

Кандай өзгөрүүлөр байкалат?

Эркек балдардын бою өсүп, булчуңдары чоңоет, салмак кошот, далысы кеңейт. Жыныс мүчөсүнүн өлчөмү узарып, урук бөлүп чыгара баштайт. Буттарында, колтугунда, бетинде, чекесинде жана жыныс органдарынын үстүнө түктөр пайда болот. Үнү өзгөрүп, денесине безеткилер чыгат,   

Кыздардын эмчек бездери чоңоет, этек кири келе баштайт. Буттарында, колтуктарында жана жыныс органдарынын үстүнө түктөр чыгат. Безетки же башка тери көйгөйлөрү жаралышы дагы мүмкүн. Жамбаш сөөктөрү жоноет, бою өсөт, салмак кошот.  

Жүрүм-турумга кандай таасир этет?

Өспүрүм гормондору балдар менен кыздардын эмоцияларына, жүрум-турумуна жана жыныстык катнаш жөнүндө ойлоруна дагы таасир этет. Мындайча айтканда, секс жөнүндө билгиси келишип, ага көбүрөөк кызыга башташат. Ошондой эле бат-баттан ачуусу келип, кыжырданып жана сөз көтөрө албай агрессивдүү болуп калышы дагы мүмкүн. Бирок, кабатырлануунун кереги жок. Булар жетилүү учурунда боло турган нормалдуу эле көрүнүш, убакыттын өтүшү менен калыбына келип калат.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт