// //

Кайын энемди бетке чапкылап жатсам күйөөм кирип калды

2020.12.24, 16:27
9432

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет жаш келиндин катын жарыялайбыз. Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү. Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт, макалага тиешеси жок!

Бул окуядан кийин экинчи кайын энем менен жалгыз калбай турган болдум.

Жазында коронавирус күчөп жаткан убакта баш коштук. Тойдун күнүн бир жыл мурун белгилеп койгонбуз, жылдыра албадык. Болгону кафелерден баш тартып, союла турган жылкыны кайра жайлоого узаттык. Байкуш ак кашка аттын багы бар экен, сүйүнгөн боюнча кетти. Жигитим экөөбүз, ата-энебиз, бир-эки жакын тууганбыз болуп тоо койнуна пикникке чыгып келдик.  Болду, ошентип жаш жубайлар аталдык.

Кесибим боюнча педагогмун. Бирок, мага айымдарды сулуулаган жагат. Салондо визажист болуп иштейм. Карантинде жумуш жок, үйдө отуруп калдым. Күйөөм фура айдайт. Дагы жакшы, жумушу токтогон жок.

Шаарда там салып жатканбыз. Күйөөм усталардан кабар алганы кеткен. Кайын энем экөөбүз жалгыз калганбыз. Кайын атам тоодо кымыз ичип жүргөн.

Кыңылдап ырдап эт кууруп жаткам. Бир маалда кайын энеме бирөө чалды. “Алло” деди, анан “күп” эле деген үн чыкты. “Апа” десем эч ким жооп бербейт. Этибарга албай жумушумду уланта бердим. Бир канча убакыттан кийин сыртка таштанды көтөрүп баратып, жерде кайын энем жатканын көрүп калдым. Кантип жанына жетип барганымды билбейм. Үстүнө отуруп алып бетине чапкылай бердим. Күйөөм кирип келип калды. “Айжан, апамды эмне уруп жатасың”,-деп колумду кармап, токтотуп калды.   

Кош бойлуу элем, мөөнөтүм келип калган, бирок баламдын чыга турган оюу жок болчу. Дал ошол маалда толгоом башталды. Күйөөм бир мага чуркайт, кайра апасына чуркайт. “Бетине чап, бетине чап!” Шок болгунумдан ушинтип бакыра бердим. Акыры кайын энем көзүн ачты. Ичимди кармап, онтолоп жатканымды көрүп жаныма чуркап келди. Бейтапканга кирерим менен төрөдүм. Уф, жетишип калдык. Мотурайган уулду болдук.

Кайын энемдин эң жакын курбусу каза болуптур. Аны угары менен өзүн жоготуп кулаган экен.

Азыр үчөөбүз бул окуяны эстеген сайын күлөбүз. Кайын энем, “эсим ооп жыгылганы жакшы болду, болбосо неберем чыкпайт эле”,-десе, күйөөм "дароо экөө мушташып жатат деп ойлодум",-деп каткырат. Мен болсо, кинодон эси ооп жыгылган адамды бетине чапкалып жатышканын көргөнүмдү айтып, "апам менен экинчи жалгыз калбайм",-дейм. Кыскасы ушундай бир чоң комедия болгонбуз.  

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кудагыйыма “кызымды көлөкөгө баккам” десем, “мен деле күн көрсөтпөйм” деди

Күйөөмдүн кандай жол менен акча таап келгенин угуп боорум эзилди

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт