"Айыл Банкта" кредиттер төмөндөтүлгөн пайыз менен берилип жатабы?
Саламатсызбы! Кредит тууралуу ютубдан окуп калдык. "Айыл Банктагы" акция тууралуу так маалымат алсак дегенбиз. Өзүм Россиядамын, Кыргызстандан алучубуз бар.
Майрамбек Амангельдиев
"Айыл Банктын" кредиттөө башкармалыгынын жетекчиси
Саламатсызбы! «Айыл Банк» чакан жана орто бизнести колдоо максатында 2020-жылдын 8-декабрынан 2021-жылдын 28-февралына чейин «Жаңы жыл» акциясын өткөрөт.
Акцияда төмөнкү продукттар боюнча пайыздык чендер төмөндөтүлөт:
- «Чакан жана орто бизнести колдоо жана өнүктүрүү – Соода жана кызмат көрсөтүүлөр»;
- «Тиричилик» (керектөө кредиттери).
Мына ушул продукттар боюнча пайыздык чен сом менен жылдык 18%, ал эми АКШ долларында жылдык 10% чегинде болот.
Акцияга тиешелүү суроолор боюнча Айыл Банктын жакын жайгашкан бөлүмдөрүнөн же болбосо (0 312 68 00 00) телефон номери аркылуу кеңири маалымат алсаңыз болот.