// //

Боюмда бар экенин билбей эле спираль салдырып алган окшойм. Эми эмне болот?

2020.12.22, 17:58
2268

Гинекологдон кеңеш алайын дегем. Боюмда бар экенин билбей эле спираль салдырып алган окшойм. 3-декабрьда этек кирим келиши керек эле, мен болсо 2-декабрда спираль салдыргам. Мага боюмда бардай сезилип жатат. Үч күндөн бери ушул нерсе оюмдан кетпей койду. Суроомо жооп алып бериңиздерчи. Рахмат.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
22.12.2020, 17:59

Айпери Соурбекова

Гинеколог-эндокринолог

Кутмандуу кечиңиз менен!

Негизи спиралды этек кир толук келип бүткөндөн кийин салдыруу керек. Башкача айтканда аялдын боюнда жок экенине толук ынангандан кийин. Же болбосо спиралды этек кирдин он тогузунчу күнүнө чейин салуу зарыл.

Сиздин спираль салдырууңузду туура эмес деп эсептейм. Эми этек кириңиз кармалып жаткан болсо кош бойлуулукту аныктоочу тест салып көрүңүз. Эгер кош бойлуулукту көрсөтсө, гинекологго кайра барыңыз.

Ден соолукта болуңуз!

Гинеколог-эндокринолог Айпери Соурбекова менен  @doctor_sourbekova_gynekologist инстаграм баракчасы аркылуу байланыша аласыз.

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт