// //

Банкирлер туугандарына пайызсыз кредит алып береби? Банкирге 10 кызыктай суроо

2020.12.22, 14:13
1631

"Айыл Банктын" маркетинг жана пиар бөлүмүнүн сатуу секторунун жетектөөчү адиси Адилет Байбориевге кредит, депозит, акча, дресс код жана келишимдер жөнүндө кызыктай суроолорду берип, акылдуу жоопторду алдык.

1. Банкирлер бай болобу?

Албетте, бай болот. Ар бир жумушун мыкты билген адам бай болот. Бирок, байлыктын көрсөткүчү акча эмес, жан дүйнө болуп саналат. 

2. Банкирлер күн сайын акча санап иштейби?

Кайдан, ишемби менен жекшемби күнү эс алабыз, биз деле адамбыз да (күлүп). Бул жерден санаган акчабыз биздики эмес экенин айта кетүү керек. 

3. Банкирлер туугандарына пайызы жок кредит алып бере алабы?

Чынында, биз өзүбүзгө пайызы жок кредит алалбайбыз, анан кантип туугандарыбызга алып бермек эле. Бул болгону стреотиптер. 

4. Банкта иштеш үчүн сулуу болуш керекпи?

Ооба, сулуу болуш керек, бирок ички дүйнөң. Эгер сен жакшы адам болсоң ар кандай жумушка алат. Анткени ички дүйнөнүн сулуулугу дүйнөнү сактап калат. 

5. Банкирлер психолог болобу?

Албетте, күн сайын жүздөн ашык киши келет, алардын мүнөзү ар кандай дегендей. Мисалы, кары адамдар аябай сүйлөшкүсү келет. Аларга жылуу сүйлөп койсоң, ыраазы болуп, маанайы көтөрүлүп кетишет. 

6. Банк кредит эле берип иштейби?

Жок, банктын кредиттен тышкары кызматтары көп: депозит берет, карталарды чыгарат, сейф кутучулары бар ж.б. 

7. Банкка таанышың жок жумушка кире албайсыңбы?

Мен дагы башында ошентип ойлоп жүргөм. Эки банкка резюме таштап, бирөөсүнө эч кандай тааныш-билиши жок өтүп кеттим. 

8. Банкирлер дресс коду жок жумушка барса эмне болот?

Дресс коду жок жумушка келсең, отпускада деп ойлошот. 

9. Башка кесиптин ээлери банкир боло алабы?

Ооба, боло алат. Мисалы, мен салык кызматкеримин, бирок банкттын маркетинг бөлүмүндө иштейм. 

10. Элдер окубасын деп кредиттик келишимдерди төрт-беш барак кылып жазышабы?

Төрт-беш барак экени бул чын. Бирок, тескерисинче, элдер жакшылап окусун деп чоң шрифт менен жазганда барагы көп болуп кетет. 

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт