// //

Сүйгөн кызым досума жемпир алып берип жатканын көрүп калдым

2020.12.21, 16:16
14679

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет бир күйөөнүн катын жарыялайбыз. Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү. Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт, макалага тиешеси жок!

Экөөнү бир заматта таппай калдым. Жаңы эле көргөм. Чуркап кирип баргыча жок. Кайда кетишти? Кайда кетишти? Кайда кетишти? Сүйлөнүп алып эки-жакка чуркайм. Анан акылыма телефон келди. Дароо чалдым. Албай коюшту. Демек, мени көрүп калышкан окшойт. Силердиби! Шашпагыла!

Бул дүкөнгө биринчи жолу кызым экөөбүз келгенбиз. Өмүрү кийим жакпачу эле, дароо ошол жемпир көнүлүмө түштү. Каап, баасы бир топ эле кымбат экен. Экөөбүз тең студент, бизде мынчалык сумма жок. Терең үшкүрүп чыгып кеттик. Чын, сонун жемпир болчу: түсү, сүрөтү, фасону. Эх...

Башымда жерге салып кетип баратсам кызым чалды. Ачуумду кармай албай, бакырып жибердим.

- Кайдасың!

- Кафеде.

- Жаныңда Актан (досум) барбы?

- Ооба.

- Кайсы кафе? Мен азыр барам.

- Кел сүйлөшө турган сөздөр бар.

Жеткиче эмне деген гана ойлор келген жок. Демек, экөө жүрүшөт турбайбы? Досум деген неме душманым болуп чыктыбы? Экөөнү бир карап алайын болду, кетип калам. Кантип туулган күнүмдө ушуга барышты?

Официант тосуп алып, бир кабинкага алып жөнөдү. Демек, элден оолак бололу деп кабинкада отурушкан турбайбы! Эшигин ачарым менен бетиме “былч” этип торт жабышты. Эмне болуп кеткенин түшүнбөй калдым. Көзүмдү ачсам, досторумдун баары кол чаап каткырып жатышат. Уялганымдан жерге кирип кетейин дедим.

“Витринадан бизди көрүп калганыңды байкап, кассага жашына калдык.” Кызым келип бетимден өөп, белегин берди. Жемпир! Менин сүйүктүү жемпирим!  Көрсө, экөө ортодон акча чыгарып, мага белек алганы барган экен. Кечирим сурадым, бирок өзүмдү кечирген жокмун.

Азыр ошол жемпиримди кийип алып манты жасап жатам. Сүйгөн кызым эбак эле келинчегиме айланган. Баламды эмизип, божурап мага ар нерсени сүйлөп берип отурат. Жарым сааттан кийин аяшым менен досум келет. Жаңы жылды чогуу тосконду салт кылып алганбыз, бул жолу дагы аны бузган жокпуз.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Кудагыйыма “кызымды көлөкөгө баккам” десем, “мен деле күн көрсөтпөйм” деди

Күйөөмдүн кандай жол менен акча таап келгенин угуп боорум эзилди

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт